Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-февралы № 89
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу
Соттук өкүлчүлүк борборун түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320, 2016-жылдын 7-сентябрындагы № 487,Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 261, 2024-жылдын 10-майындагы № 228 токтомунун редакциясына ылайык)
Арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын, мындан тышкары арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын тийиштүү түрдө жана натыйжалуу талашуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-сентябрындагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Соттук өкүлчүлүк борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Борбор арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын талашуу маселесин координациялоочу бир бүтүн орган болот;
- Борбор арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын таламын талашууга ыйгарым укуктуу;
- Борбор бузулган, талаш болуп жаткан, мыйзам жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер менен корголуучу укуктарды коргоо, арбитраж сотторунда, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү соттордо мамлекеттик органдардын таламдарын талашуу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоого ыйгарым укуктуу;
- Борбор арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын таламдарын талашууга ыйгарым укуктуу;
- Борбордун директору ишеним катсыз аракеттенет, келишимдик негизде адистерди ишке тартат жана аларга төмөнкүлөрдүн таламдарын талашуу укугуна ишеним каттарды берүүгө укуктуу:
арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында жана жергиликтүү сот органдарында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ;
арбитраждык соттордо, эл аралык соттордо, эл аралык арбитраждык соттордо, чет өлкөлүк соттордо, бейтарап соттордо жана башка адистештирилген соттордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын;
- Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет;
- Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жалпы жетектейт жана координациялайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-июнундагы № 320, 2016-жылдын 7-сентябрындагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)