Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 240 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесиптик билим берүү уюмдарында орто кесиптик билим берүү программасы боюнча окууну аяктап жаткан бүтүрүүчүлөргө жыйынтыктоочу аттестация милдеттүү болот.
2. Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы мамлекеттик аккредитацияланган (аттестацияланган) кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда өткөрүлөт жана ал билим деңгээли, квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ берүү менен жыйынтыкталат.
3. Мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) жок окуу жайларда билим алган адамдардын бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүүгө жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алууга укугу кесиптик билим берүүчү мамлекеттик уюмдар аркылуу камсыздалат.
4. Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы кесиптик билим берүү уюмдарында ар бир негизги кесиптик билим берүүчү программа боюнча түзүлүүчү мамлекеттик аттестациялык комиссиялар тарабынан ишке ашырылат.
5. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз иштеринде ушул Жобого, кесиптик орто билим берүүчү уюм мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде кесиптик орто билим берүүнүн конкреттүү адистиктери боюнча иштеп чыгуучу окуу-методикалык документтерге таянышат.
2. Мамлекеттик жыйынтыктоочу сыноолордун түрлөрү
6. Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы мамлекеттик аттестациялык сыноолордун төмөнкүдөй түрлөрүнөн турат:
- бир сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен;
- адистик боюнча дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу экзамен;
- квалификациялык бүтүрүү ишин жактоо.