Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453, 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 731, 2019-жылдын 19-февралындагы № 57, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103, 2024-жылдын 25-мартындагы № 132 , 2024-жылдын 25-декабрындагы № 793 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) ишинин тартибин жана уюштурулушун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Координациялык кеңеш консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
3. Координациялык кеңештин ишинин максаты адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо механизмдерин өркүндөтүүнү жана адам укугу чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну көздөйт.
4. Координациялык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Координациялык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Координациялык кеңештин милдеттери
6. Координациялык кеңештин милдеттери:
- Бириккен Улуттар Уюмунун келишимдик органдарына Кыргыз Республикасынын адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун аткарганы жөнүндө улуттук баяндамаларын (мындан ары - улуттук мезгилдүү баяндамалар) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине Универсалдык мезгилдүү серепти (мындан ары - УМС) даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо;
- мамлекеттик органдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) адам укугу жана УМС жаатындагы сунуштарын аткарууга көмөк көрсөтүү.
3. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктары
7. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында:
- Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоонун жана коргоонун мамлекеттик механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери боюнча маалыматтарды чогултууда, изилдөөдө жана талдоодо мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;
- БУУнун адам укуктары боюнча сунуштарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет;
- БУУнун адам укуктары боюнча сунуштамаларын аткаруучу мамлекеттик органдардын иштерине мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасындагы адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы БУУнун каттарын карайт;
- Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоочу мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт;
- БУУнун тиешелүү комитеттеринде улуттук мезгилдүү баяндамаларды алып чыгууга ыйгарым укуктуу болгон Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын түзүмү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасындагы адам укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын ортосундагы диалог үчүн мыйзамда белгиленген тартипте аянтча түзөт;
- БУУнун келишимдик органдарынын адам укуктары чөйрөсүндөгү сунуштамаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын бекитет.