Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2007-жылдын 21-сентябры № 430

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" жана 2007-жылдын 26-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:

16-пунктундагы "бир минималдуу эмгек акы" деген сөздөр "бир эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

экинчи абзацынын 36.5-пунктчасындагы "минималдуу эмгек акы" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтом менен бекитилген Бажы брокери жөнүндө жобонун 7.2-пунктчасындагы "минималдуу эмгек акы" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 11-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген Банктарды жана камсыздандыруу уюмдарын Банктардын жана камсыздандыруу уюмдарынын реестрине киргизүүнүн тартиби жана шарттары боюнча, ошондой эле аны жүргүзүүнүн тартиби боюнча нускамага төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2.7-пунктунун 3-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы "минималдуу эмгек акы өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

А. Атамбаев