Редакцияот 08.12.2001
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 8-декабры № 772

"Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын

4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн

ортосундагы биргелешип Макулдашууну түзүүчү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

жооп нотасын ратификациялоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-декабрындагы

№ 761 токтомуна өзгөртүү

киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542 нотасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы биргелешип Макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 5-декабрындагы № 761 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри М.С.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.А.Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын".

 

Биринчи вице-премьер-министр

Н.Танаев