Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 558 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 токтому менен бекитилди |
Иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча ведомстволор аралык координациялоо комитети (мындан ары - МКК) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында түзүлөт. Ведомстволор аралык координация комитетин башкаруу "Иммунопрофилактикалоо" Улуттук программасынын башкы координаторуна, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басарына, Комитеттин төрагасы болгон Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачына жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин структуралык түзүлүштөрү, башка тиешелүү министрликтердин, мамкомитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, тармак боюнча жогорку квалификациядагы адистер МККанын курамына киришет. МККанын персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет.
МККанын иштөө тартиби анын төрагасы бекиткен планга ылайык жүргүзүлөт. МККанын заседаниелери үзгүлтүксүз, кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда МКК пландан тышкары чакырылышы мүмкүн.
Заседание МККанын мүчүлөрүнүн же аларды алмаштырган адамдардын теңи болгон учурда укуктуу деп эсептелет.
МККанын чечимдери ачык добуш берүү аркылуу добуштун көпчүлүгү менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. МККанын чечимдери МККанын мүчөлөрүнүн теңи добуш берген учурда укуктуу деп эсептелет. МККанын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуштар бирдей болгон учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Иммунопрофилактикалоо маселелери боюнча МКК тарабынан кабыл алынган чечимдерди, сунуштарды, нормативдик документтерди аткаруу Кыргыз Республикасынын бардык саламаттык сактоо органдары жана мекемелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
МККанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- иммунизациялоонун улуттук программасын саясий, техникалык жана финансылык жактан колдоо;
- иммунизациялоонун туруктуу программасын түзүүгө багытталган партнерлордун ишин координациялоо;
- иммунизациялоо кызматын чыңдоо боюнча улуттук милдеттенмелерди пропагандалоо жана жогорулатуу.