Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 15-майы № 259
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6-1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө»;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринде (тизмесинде):
1-главада:
«Бул тейлөөлөрдү көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана уюмдар» графасынын 48, 49, 51, 54, 55, 57, 60, 61, 62, 65, 66, 67-пункттары «БИМ» аббревиатурасынан кийин «, ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы академиясы» деген сөздөр менен толукталсын;
105 жана 107-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
4-главада:
3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
43-пункттагы «Архивдик документтердин көчүрмөлөрүн берүү, суроо-талаптардын бланктары боюнча текшерүү, чет өлкөлүк паспорт ала турган адамдарды текшерүү» деген кызматтын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Архивдик документтердин копиясын жана көчүрмөлөрүн берүү»;