Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2014-жылдын 3-июну № 294

“Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

кайра сурап алуу тууралуу

Архитектура жана курулуш жаатында укуктук базаны оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 676 “Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” токтому менен жактырылган “Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-ноябрындагы № 676 “Сейсмикалык коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев