Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 321 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Г. Бекматов, Н.А. Нарматова, К.С. Дыйканбаев, Э.А. Кочкарова, А.О. Кутушев, Г.А. Скрипкина тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесиндеги милдеттерди ачып көрсөтүүчү айрым жоболор толуктап иштеп чыгууну талап кылаарын айтмакчыбыз.
Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин жетинчи, сегизинчи жана онунчу абзацтарында айтылган маселелер долбоордун ушул беренесинин алтынчы абзацынын жоболорунда камтылган.
Ушуну менен бирге эле, долбоордун 2-беренесинин он биринчи абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени бул абзацтын жоболору ушул берененин экинчи жана үчүнчү абзацтарында камтылган.
Мындан тышкары, фундаменталдуу жоболорду бекитүүчү түптөөчү негиздер принцип экенине байланыштуу, ошондой эле мыйзам долбоорунун 2-беренесинин тогузунчу абзацында айтылган жоболор ушул аныктамага туура келгендиктен жана Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде жарандардын биометриялык дайындарынын базасын коргоо принциби каралгандыгын эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин көрсөтүлгөн абзацын алып салууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде он экинчи абзацты алып салууну жана сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу чечиле турган маселелердин толук тизмесин берүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жарандардын чогултулууга тийиш болгон биометриялык дайындарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аныкталган максаттарга жараша аныктагандыктан, долбоордун көрсөтүлгөн беренесинин 1-бөлүгүндө “(санарип кол тамганын, жарандын манжаларынын тактарынын, көздүн карегин санариптик сүрөттөлүшү)” деген сөздөрдү алып салууну жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык дайындарынын жалпы аныктамасын караштырууну сунуш кылабыз.
Ушуну менен бирге эле, сунушталган Мыйзамдын долбоорунда анын максаттарын аныктоочу жоболор жок экендигин белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жарандардын биометриялык дайындарын чогултуу, текшерүү жана каттоо жергиликтүү деңгээлде тийиштүү администрациялык бирдиктин негизинде, мамлекеттик аймактык органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен жүргүзүлөт.
Ушуну менен бирге эле, жеке дайындарды атайын ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (кызмат адамдарынын) мыйзамдуу пайдалануусу жана жарандык биометриялык дайындарынын базасын коргоо Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык дайындарын чогултуунун принциптеринин бири экендигин эске алып, долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “жана өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу” деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, улуттук коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү камсыздоо, мамлекеттүүлүктү, коомдук тартипти чыңдоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле ачык-айкын шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү максатында биометриялык каттоо Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн милдеттүү экендигин белгилөөнү жана Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде жарандарды биометриялык каттоонун милдеттүүлүк принцибин караштырууну сунуш кылабыз.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын гана жарандарын биометриялык каттоого арналгандыгын белгилеп коюу зарыл. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 8-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.