Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 12-июну № 322
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
23-сентябрындагы № 604 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Соттолгон адамдарды кайрадан социалдаштыруу, алардын үй-бүлөлүк, туугандык жана социалдык байланыштарын бекемдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 61-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 604 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасындагы түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежесинде:
- мамлекеттик тилдеги бүткүл текстинде ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү “глава” деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү “бап” деген сөзгө алмаштырылсын;
- 8-баптын 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“4. Камераларда жана обочолонгон участоктордо кармалган соттолгондор орду-ордунда тамактанышат. Кургак учуктун ар түрдүү формалары менен ооруган соттолгондор дарылоо-профилактикалык мекемелердин бөлүмдөрүндө орду-ордунда тамактанышат.”;
15-баптын 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
“1. Соттолгондорго мекеменин администрациясынын катышуусунда
төмөнкү кыска мөөнөттүү жолугушуулар жана чогуу жашоо укугу менен узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет. Узак мөөнөттүү жолугушуулар төмөнкү адамдарга берилет:
1) жакын туугандары: чогуу жашоо укугу менен жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алган ата-энеси, асырап алган балдары, бир тууган ага-инилери, эже-карындаштары, чоң атасы, чоң энеси (тай атасы, тай энеси), неберелери;