| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-июлундагы № 362 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө убактылуу жобо
1. Ушул Убактылуу жобо объекттерди, имараттарды жана курулмаларды, алардын комплекстерин, анын ичинде өнөр жайлык курулушту жарыш долбоорлоону жана курууну жүргүзүү тартибин белгилейт.
Бул тартип шаар куруу-архитектуралык иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү.
2. Объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жоопкерчиликтин биринчи жана экинчи деңгээлиндеги объекттерди, ошондой эле кайра конструкциялануучу объекттерди долбоорлоо жана куруу үчүн төмөнкү документтерди бергенде кабыл алынат:
- объекттерди, имараттарды жана курулмаларды жарыш долбоорлоого жана курууга же кайра конструкциялоого уруксат берүү өтүнүчү менен тапшырыкчы-куруучунун арызын;
- архитектуралык-пландоо шарттарын;
- долбоордун "башкы план" жана "архитектуралык чечимдер" жөнүндө макулдашылган бөлүмдөрүн.
3. Объекттерди, имараттарды, курулмаларды жарыш долбоорлоо жана куруу же кайра конструкциялоо долбоорлоону жана курууну эки этапта жүзөгө ашырууну карайт:
1. Биринчи этап:
- курулушту баштоо үчүн жетиштүү көлөмдө долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүнүштөрүндө объектти каттоо жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө же объекттерди кайра конструкциялоого уруксат алуу (макулдашуу);
2). Экинчи этап:
- биринчи этапта курулушту же кайра конструкциялоону аяктоо стадиясында долбоордук документтерди толук көлөмдө иштеп чыгуу;
- долбоорлоо аяктаган объектке долбоорду макулдашууну жүргүзүү;
- долбоорлоо аяктаган объектке мамлекеттик экспертиза жүргүзүү;
- объектти курууга уруксат алуу.
4. Курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө уруксат албастан анын экинчи этабын жүргүзүүгө жол берилбейт.