Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 7-июлундагы № 374 токтомуна тиркеме | |
Кыргыз Республикасында автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринин 19-тиркемеси |
1. Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарда автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн автоташуучуну же автоташуучуларды аныктоого ачык Конкурстарды өткөрүүнүн тартибин аныктайт, ачык конкурска катышкан юридикалык жана жеке жактарга (мындан ары - Катышуучуга) карата талаптарды белгилейт.
2. Бул Жобонун максаты автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөнү, ошондой эле шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарда ачык акыйкаттуу атаандаштыкты камсыз кылуу болуп эсептелет.
3. Конкурс унаа чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлөт (мындан ары - Конкурсту уюштуруучу).
4. Конкурстук сунуштарды кароо, аларды баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн Конкурсту уюштуруучу конкурстук комиссияны түзөт жана конкурстук Комиссиянын (мындан ары - Комиссия) курамын бекитет.
Комиссиянын курамына Комиссиянын катчысы кирет, ал Комиссиянын жыйындарынын иш кагаздарын жана протоколдорун жүргүзөт.
5. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- унаа чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын;
- жайгашкан жери боюнча жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын;
- ташуучулар менен жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыктарын көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдардын.
6. Конкурсту уюштуруучунун өкүлү комиссиянын төрагасы болуп эсептелет. Төрага жок болгон учурда, аны орун басары алмаштырат.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болуп, 5тен (беш) кем эмес, бирок 9дан (тогуз) ашпаган адамдан түзүлүшү керек.
7. Эгер Комиссиянын жыйынына анын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3си катышса, Комиссиянын жыйыны укук ченемдүү деп таанылат.
8. Конкурстун Катышуучусу конкурсту өткөрүү башталганга чейин, бул Жобонун 3-10-тиркемелерине ылайык квалификациялык маалыматтардын документ түрүндөгү ырастоосун берүүгө тийиш.
9. Эгер конкурстук сунуш конкурстук документтерде көрсөтүлгөн бардык шарттарга туура келсе, анда ал талаптарга ылайык деп эсептелет. Эгер конкурстук сунуш талаптарга жооп бербесе, ал четке кагылат.
10. Комиссия, бул Жобонун 3-10-тиркемелерине ылайык маалыматтардын өз убагында берилбегендиги, ошондой эле так эмес жана толук эмес маалыматтарды (квалификациялык маалыматтарды, уруксат берилген документтерди ж.б.) бергендиги үчүн, же конкурстук сунуштарда конкурстун Катышуучусун аныктоого мүмкүнчүлүк берген маалыматтар көрсөтүлгөндө, Катышуучуну конкурска катышуудан четтете алат.
11. Комиссия жарыяланган конкурстун талаптарына шайкеш деп таанылган конкурстук сунуштарды гана кабыл алат, ал жөнүндө протокол түзүлөт.
12. Конкурсту өткөрүү алдында, конкурсту Уюштуруучу лотторду түзөт жана конкурстук документтердин пакетин даярдайт.
13. Конкурстук документтердин пакети төмөнкү документтерди камтыйт:
- бул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн, форма боюнча конкурска катышуу арызы;
- бул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн, форма боюнча, сынакта катышуучунун жүргүнчүлөрдү ташыган унаа каражаттарынын бардыгы жана алардын абалы жөнүндө маалыматтар;
- бул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн, форма боюнча конкурстун Катышуучусунун өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы жөнүндө маалыматтар;
- бул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн, форма боюнча конкурстун Катышуучусунун унаа каражаттарынын кыймыл коопсуздугу (мындан ары - КК), коопсуздук техникасы (мындан ары - КТ) жана эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдар (аты-жөнүн көрсөтпөстөн) жөнүндө маалыматтар;
- бул Жобонун 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн, форма боюнча, конкурска Катышуучунун айдоочулар курамынын тизмеси (аты-жөнүн көрсөтпөстөн);
- бул Жобонун 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурска Катышуучунун жүргүнчүлөр унаасындагы иш стажы жөнүндө (юридикалык жак катары) маалыматтар;
- бул Жобонун 8-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча, каттамда жүргүнчүлөрдүн жол киресинин тарифтери жөнүндө маалыматтар;
- бул Жобонун 9-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча Катышуучунун унаа каражаттарынын КК, КТ жана эксплуатациялоо боюнча жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтар (Катышуучу жөнүндө маалымат үчүн);
- бул Жобонун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча, Катышуучунун айдоочулар курамы жөнүндө маалыматтар (Катышуучу жөнүндө маалымат үчүн);
- бул Жобонун 11-тиркемесине ылайык каттамдарда автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн Типтүү контракттын үлгүсү;
- конкурсту Уюштуруучуга Катышуучу жөнүндө маалыматтарды жана конкурстук сунуштарды берүү үчүн чоң жана кичине конверттер. Кичине конверттерге "Конкурстук сунуштар" деген жазуу жазылат жана алардын саны комиссиянын мүчөлөрүнүн санына дал келиши керек, ошондой эле бирине - "Катышуучу жөнүндө маалымат" деген жазуу жазылат.
Конкурстук сунуштар жана Катышуучу жөнүндө маалыматтар бул Жобонун 18-тиркемесине ылайык Нускамага жараша толтурулат.
14. Конкурстук сунуштар төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- бул Жобонун 3-8-тиркемелеринде көрсөтүлгөндөр;
- Катышуучунун авариялык коэффициенти жөнүндө (К = D/N формуласы боюнча аныкталат, мында: К - авариялык коэффициент, D - отчеттук жана эсепке алуу мүнөздөгү жол-унаа кырсыгынын саны, N - Катышуучунун кыймылдуу курамынын саны);
- кыймылдуу курамды жаңыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө (баяндоо түрүндө, жаңы техника кайсыл каражаттардын жардамы менен алынат: гранттар, долбоорлор, кредиттер ж.б.).
Конкурстук сунуштарда, конкурстук сунуштардын конкреттүү Катышуучуга таандык экендигин белгилей турган маалыматтар көрсөтүлбөшү керек.
Унаа каражаттарын жана айдоочулар курамын бирден көп каттамга, сезон учурун эске албаганда, бир эле убакытта кайрадан кошууга жол берилбейт. Конкурска катышууга мурда коюлган жана лотторду утуп алган унаа каражаттарынын андан ары башка лоттордун сынагына катыштыруусуна жол берилбейт.
Конкурстук сунуштар бул Жобонун 3-8-тиркемелерине ылайык белгиленген формадагы бланктарда, комиссиянын мүчөлөрүнүн санына туура келген нускада катасыз жана сызылып оңдоолорсуз толтурулат.
Конкурстун Катышуучусу тарабынан акыркы жыл ичиндеги кайрымдуулук социалдык акцияларына катышкандыгы жөнүндө кошумча маалыматтар берилиши мүмкүн (баяндоо түрүндө, качан жана кимге материалдык жана техникалык жардам көрсөтүлгөн, балдар мекемелеринин эсебине канча акчалай каражат которулган ж.б.у.с.).
15. Катышуучу тууралуу маалымат бул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурска катышууга берилген билдирмени камтыйт, ага төмөндөгү документтер тиркелет:
- юридикалык жактар үчүн - юстиция органдарындагы, жеке жактар үчүн - мамлекеттик статистика органдарындагы мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- салык төлөөчүнүн жана камсыздоо төгүмдөрүн төлөөчүнүн идентификациялык коду (номери) Катышуучуга ыйгарылгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу лицензиясынын көчүрмөсү;
- жайгашкан жери боюнча салык кызматынын салыктар боюнча карызынын бардыгы же жоктугу тууралуу маалымкаты;
- жайгашкан жери боюнча карызынын бардыгы же жоктугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты;
- акыркы 2 жылда, республиканын ичинде жана андан тышкары да болуп өткөн отчеттук жана эсепке алуучу мүнөздөгү жол-унаа кырсыктарынын (мындан ары - ЖТК) саны жөнүндө, жабыр тарткандардын (жаракат алгандардын, өлгөндөрдүн) санын жана бүткүл кыймылдуу курамдын жалпы санын көрсөтүү менен жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан маалымкат;
- бул Жобонун 9-тиркемесинде келтирилген форма боюнча толтурулган, Катышуучу тууралуу маалымат үчүн конкурстун Катышуучусунун унаа каражаттарынын КК, КТ жана эксплуатациялоо боюнча жооптуу адамдар жөнүндө маалымдар;
- бул Жобонун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча толтурулган, конкурстун Катышуучусунун айдоочулар курамы жөнүндө маалымат (Катышуучу тууралуу маалымат үчүн);
- конкурстук документтерге акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Катышуучу тууралуу маалымат белгиленген формадагы бланктарда оңдоолорсуз жана катасыз эки нускада толтурулат.
16. Катышуучу жөнүндө маалымат жана конкурстук сунуштар өзүнчө, ар башка конверттерге салынып, мөөр басылып, бир чоң конвертке салынат, ага дагы мөөр басылып, Комиссиянын катчысына берилет. Бардык конверттер кандайдыр бир таанымал эн тамгасыз, Катышуучу жөнүндө белгилерсиз жана маалыматтарсыз болушу керек.
17. Конкурсту уюштуруучу жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурсту өткөрүүнүн шарттары жөнүндө кеминде 30 күн мурда, бул Жобонун 13-тиркемесине ылайык, конкурсту өткөрүүнүн датасын, убактысын, ордун жана иретин, билдирмелерди кабыл алуучу жерди жана мөөнөтүн көрсөтүү менен кулактандыруу жарыялайт.
18. Конкурс процесси, ЖМКга кулактандыруу берилгенден баштап, жеңүүчүнү тандоо жана аны менен Контракт түзүлгөнгө чейин 45 календардык күндөн ашпашы керек.
19. Конкурска өзүнчө каттамга же эки же андан ашык каттамдарга, ошондой эле жөнөтүү убактысы боюнча каттамдардын рейстерине лоттор коюлушу мүмкүн. Бир лотко көбүрөөк рентабелдүүлүгү жогору жана рентабелдүүлүгү төмөн каттамдар бириктирилиши мүмкүн.
20. Конкурстарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга уруксаттамасы бар жана конкурска катышуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды аткарган юридикалык жана жеке жактар менчигинин формасына карабастан катыша алат.
21. Бул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн конкурска катышууну каалаган жактар, конкурстук документтер пакетин сатып алуу наркын алдын ала төлөп, эркин формадагы жазылган арызын берет. Конкурстук документтер комплексинин наркы конкурсту өткөрүү боюнча уюштуруу маселелеринин чыгымдарына ылайык келүүгө тийиш (канцеляриялык товарларга жана буюмдарга жумшалган чыгым) жана конкурстук Комиссия тарабынан белгиленет.
22. Конкурстун Катышуучуларын каттоо конкурс жөнүндө кулактандыруу ЖМКда жарыялангандан баштап, 30 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт.
23. Конкурстун Катышуучусу катары катталуу үчүн, бул Жобонун 14 жана 15-пункттарына ылайык документтерди Комиссияга берүү зарыл.
24. Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген билдирмелерди кабыл алат, катышуучуга бул Жобонун 14-тиркемесине ылайык, документтерди кабыл алгандыгы тууралуу маалымдоо берет жана чоң конверттерди мөөр басып күбөлөндүрөт.
25. Көрсөтүлгөн убакыттан кийин келип түшкөн билдирмелер конкурска катышууга кабыл алынбайт.
26. Конкурсту Уюштуруучу берилген жана пайдаланылган маалыматтын купуялуулук принцибин сактоого милдеттүү.
27. Эгер кандайдыр бир лот боюнча бир гана катышуучу катталса же бир дагы катышуучу катталбаса, бул лот боюнча сынак болгон жок деп эсептелет жана кайрадан конкурска коюлат. Мында бул каттам кайрадан конкурсту өткөргөнгө чейин бул лоттун катышуучусуна бекитилет. Эгер бул лотко бир дагы Катышуучу катталбаса, бул каттам сынак өткөрүлгөнгө чейин келишим боюнча мурда бекитилген ташуучу тарабынан тейленет.
28. Катышуучуну конкурска катышуудан чыгаруу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- Катышуучу конкурстук документтердин пакетин белгиленген талаптарды бузуп, талаптагыдай тариздебесе;
- Катышуучу тууралуу кабарларда анык эмес маалыматтар болсо;
- Катышуучунун салыктар жана Социалдык камсыздандыруу фондуна төлөмдөр боюнча карыздары болсо;
- эгер Катышуучу тарабынан контракттын шарттарын аткарбагандыгы үчүн лотко коюлган каттамды тейлөө контрагы мурда бузулса;
- каттамды тейлөө үчүн унаа каражаттарынын зарыл саны болбосо.
29. Конверттерди ачуу, Катышуучулардын сунуштарын баалоо жана жеңүүчүнү аныктоо Комиссия тарабынан конкурстун Катышуучусунун катышуусунда же ал жок учурда да ишке ашырылат.
30. Комиссиянын катчысы ар бир лот боюнча Катышуучулардын конкурстук документтеринин пакеттеринин ачылышын протоколдоону жүргүзөт.
31. Катышуучу тууралуу маалымат салынган конверт менен Конкурстук сунуштар мөөр басылып бекитилген чоң конверттер тунук эмес жашикте болушу керек. Чоң конверт бекитилген түрдө конкурсту уюштуруучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
32. Комиссиянын төрагасы жашиктеги чоң конверттердин каалаганын алып чыгат жана конверттин оң тарабынын жогорку бурчуна чоң ариптер менен катар номурду коёт.
33. Комиссиясынын төрагасы чоң конвертти ачат жана конкурстук сунуштар салынган конверттерге, ошондой эле Катышуучу тууралуу маалымат бар конвертке ошол эле катар номурду коюп чыгат.
Андан кийин Комиссиянын төрагасы конкурстук сунуштар салынган конверттерди комиссиянын мүчөлөрүнө берет. Катышуучу тууралуу маалымат салынган конверт чоң конвертте ачылбаган бойдон калат.
34. Конкурстук сунуштар Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан каралат. Алар документтердин бар экендигин жана таризделишин текшеришет, конкурстук сунуштардын ар бир пункттары боюнча конкурстук сунуштарды баалоо шкаласына ылайык (бул Жобонун тиркемелери) балл коюшат (бул Жобонун 1-тиркемеси).
35. Конкурстук сунуштар баалангандан кийин алар Комиссиянын төрагасына берилет, ал аларды ошол эле номурда, чоң конвертке кайрадан салат.
36. Облустар аралык жана облустук ички катнаштарга шаар аралык каттамдарда конкурстарды өткөрүүдө, жыйынтыктоочу баллдарды суммалоодо Катышуучунун жайгашуусуна жараша балл кошумча эске алынат, алар Катышуучулардын конкурстук сунуштарын баалоодон жана бул Жобого ылайык Катышуучулар жөнүндө маалыматтар салынган конверттер ачылгандан кийин гана коюлат. Бул каттамдарга сынак өткөрүүдө лоттор паритеттик негизде түзүлөт.
37. Комиссия мүчөлөрү күбөлөндүрүлгөн формалардын негизинде Катышуучунун жыйынтыктоочу баллын бирдей катар номур боюнча суммалайт жана ар бир Катышуучу боюнча жалпы суммалык баллды бул Жобонун 15-тиркемесине ылайык аныкташат, аны конкурстук Комиссиянын катчысы протоколдо каттайт.
38. Жалпы суммалык баллдын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын төрагасы максималдуу жалпы суммалык балл топтогон Катышуучунун катар номурун жарыялайт.
39. Комиссиянын төрагасы конкурстун жеңүүчүсүнүн жарыяланган катар номуруна ылайык жеңүүчүнүн номуруна шайкеш чоң конвертти алат, Катышуучу тууралуу маалымат жазылган конвертти алып чыгат, аны ачып, конкурстук Комиссиянын мүчөлөрүнө тааныштырат.
40. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүн Катышуучу тууралуу маалымат менен тааныштыргандан кийин, Комиссиянын төрагасы эң көп балл топтогон Катышуучунун маалыматтарын жарыялайт, катчы бул Жобонун 16-тиркемесине ылайык протоколду тариздейт.
41. Эгер эки же андан көп катышуучу максималдуу бирдей балл топтосо, артыкчылык унаа каражаттарынын абалы үчүн көбүрөөк балл алган катышуучуга берилет, эгер унаа каражаттарынын абалы үчүн бирдей балл топтолсо, артыкчылык өндүрүштүк-техникалык база үчүн көбүрөөк балл алган Катышуучуга берилет.
42. Эң көп балл топтогон Катышуучунун конкурстук сунуштарынын маалыматтарынын аныктыгы Комиссия тарабынан контролдук текшерүүгө алынат. Ал үчүн Катышуучу белгиленген мөөнөттө (10 күндөн ашык эмес) кыймылдуу курамды, өндүрүштүк базаны жана конкурстук сунуштарга ылайык талап кылынган документтерди (лотторду утуп алган бардык унаа каражаттарынын техникалык паспортторун, таандык экендигин күбөлөндүргөн документтерди), билими тууралуу дипломдордун көчүрмөлөрүн (администрациялык-башкаруу персоналы үчүн), эмгек китепчесинен жана айдоочулук күбөлүктөн көчүрмөлөрдү (айдоочулар персоналы үчүн), каттамдарды тейлөөгө буйруктардын жана контракттардын көчүрмөлөрүн, төлөмдөрдү төлөө жөндөмдүүлүгү жана салыктар, төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.
43. Контролдук текшерүү процессинде, Катышуучу тарабынан берилген конкурстук сунуштардын так эмес фактылары аныкталган учурда Комиссия топтогон баллдын санын жокко чыгарат жана бул лот үчүн конкурска кайрадан катышуу укугунан ажыратуу менен сынактан четтетет жана эң көп балл топтогон кийинки Катышуучуну жеңүүчү деп таанып, бул Жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду кайталайт.
Комиссиянын кабыл алган чечими протоколдо көрсөтүлүп, Комиссия тарабынан конкурстун Катышуучуларына 10 күндүн ичинде кабарланат.
44. Контролдук текшерүүдөн кийин Комиссия жыйынтык чыгарат жана акыркы чечимди кабыл алат. Конкурстун жеңүүчүсү деп жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эң жакшы шарттарын сунуштаган жана Комиссиянын контролдук текшерүүсү менен ырасталган, бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык конкурстук сунуштарды баалоонун тийиштүү шкаласы боюнча эсептелген, эң көп балл алган катышуучу таанылат жана бул Жобонун 17-тиркемесине ылайык протокол таризделет.
45. Комиссиянын катчысы конкурстун катышуучуларына конкурс өткөрүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде алар берген конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыктарын жиберет.
46. Комиссиянын чечими боюнча конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин он күндүн ичинде конкурстун Катышуучулары тарабынан даттануу берилиши мүмкүн. Бул мөөнөт өткөндөн кийин конкурстун Катышуучуларынын даттануулары конкурстун Уюштуруучусу тарабынан каралбайт.
47. Комиссиянын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
48. Конкурстун жыйынтыктары сот тарабынан жараксыз деп таанылган учурда, мурдагы конкурстун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин 60 күндөн кечиктирбей конкурс кайрадан өткөрүлөт. Мында, кайрадан катышып жаткан мурдагы конкурстун Катышуучуларына конкурстук документтер акысыз берилет.
49. Комиссиянын протоколунун негизинде, конкурстун Уюштуруучусу Кыргыз Республикасында автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык, конкурстун жеңүүчүсү менен каттамдарда автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн контракт түзөт (мындан ары - Контракт).
50. Каттамдарда жүргүнчүлөрдү тейлөө укугу ачык конкурстун жеңүүчүлөрүнө берилип, алар менен Контракт түзүлөт. Контракт бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлүп, бири конкурстун Уюштуруучусунда, экинчиси конкурстун жеңүүчүсүндө калат.
51. Конкурстун жыйынтыктары боюнча каттамдарды тейлөө мөөнөттөрү жана ташуучуга каттамдарды бекитип берүү Контракттын шарттарына ылайык 2 жылга, андан ары мөөнөтүн узартуу менен 3 жылга
белгиленет, бирок мөөнөт 5 жылдан ашпайт.
52. Жеңүүчү Контракт түзүүдөн баш тарткан учурда, Контракт конкурстун жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген Катышуучу менен түзүлөт.
53. Контрактта бул Жобонун 12-тиркемесине ылайык, Контракттын ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемеси болот, анда Конкурстун жеңүүчүсү каттамда пайдалануу үчүн конкурстук сунуштарында маалымдаган автобустар көрсөтүлөт.
54. Каттамда (каттамдарда) иштөө укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
55. Контракт, анын шартында каралган мөөнөттөн мурда токтотулган же Контракттын колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда, конкурсту Уюштуруучу, бул Контракт боюнча тейленүүчү каттамга (каттамдарга) жаңы сынак жарыялайт.
56. Контракт тараптардын биринин демилгеси менен бузулган учурда, бузуунун демилгечиси бул жөнүндө Контракт боюнча милдеттер токтотулганга чейин 30 күн мурда экинчи тарапка кат жүзүндө билдирет.
| Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу тартиби жана өткөрүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
№ | Көрсөткүчтөр | Баллдын саны | ||||||||
I | II | III | ||||||||
1 | Шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдар үчүн автобустардын классы, алардын сыйымдуулугу (жүргүнчүлөр): |
| ||||||||
- 45 жана андан көп орундуу автобустар | 15 | |||||||||
- 32-45 орундуу автобустар | 12 | |||||||||
- 18-32 орундуу автобустар | 10 | |||||||||
- 11-18 орундуу автобустар | 8 | |||||||||
- 11 орундуу автобустар | 5 | |||||||||
2 | Автобустарды пайдалануунун мөөнөтү: |
| ||||||||
1 жылга чейин | 10 | |||||||||
1 жылдан 3 жылга чейин | 6 | |||||||||
3 жылдан 6 жылга чейин | 5 | |||||||||
6 жылдан 9 жылга чейин | 4 | |||||||||
9 жылдан 12 жылга чейин | 3 | |||||||||
12 жылдан жогору | 1 | |||||||||
3 | Кыймыл мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырылган жабдыктары бар автобустар | 1 | ||||||||
4 | Жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө иштеген айдоочулардын курамынын иш стажы |
| ||||||||
3 жылга чейин | 1 | |||||||||
3 жылдан 8 жылга чейин | 3 | |||||||||
8 жылдан 13 жылга чейин | 5 | |||||||||
13 жылдан жогору | 7 | |||||||||
5 | Өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы | Жеке менчик | Ижарага алынган же кызмат көрсөтүү келишими боюнча | |||||||
ишкежарактуу | ишке жараксыз | ишкежарактуу | ишке жараксыз | |||||||
| - кеңсе | 3 | 0 | 1 | 0 | |||||
| - унаа каражаттарын сактоо үчүн аймак | 3 | 0 | 1 | 0 | |||||
КК жана ТК кабинети | Кабинеттин аянты (25 чарчы метрден кем эмес) жана орундуктун саны (10дон кем эмес). Алар жок болсо балл коюлбайт | 5 | 0 | 2 | 0 | |||||
Методикалык окуу-куралдардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Сурап-билүү - маалымат иштерин жүргүзүү жана алардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Үгүттөө-пропагандалоо иштерин жүргүзүү жана алардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Эксплуатациялоо кызматы жана диспетчердик | Байланыш каражаттарынын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||||
Жолдомо баракчалардын, тапшырмалар-дын берилишин каттоо журналдарынын болушу | 3 | 0 | 1 | 0 | ||||||
Медициналык пункт | Айдоочунун организминде алкоголдун жоктугун текшерүү үчүн аспаптардын жана препараттардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||||
Кан басымды текшерүү үчүн медициналык аппараттардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Дары-дармектери бар медкутучанын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Жуучу посту | Автоматтык | 5 | 0 | 2 | 0 | |||||
Кол менен | 3 | 0 | 1 | 0 | ||||||
Оңдоп- түздөө зонасы | Автомобилдерди оңдоо үчүн цехтердин болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||||
Посттордун же ТО-1 жана ТО-2 линияларынын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Оңдоп-түздөө иштери, жумушчулар жана слесарлар үчүн имараттын болушу | 3 | 0 | 1 | 0 | ||||||
Унаа каражаты-нын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын жана каттамдардын үзгүлтүккө учурашын эсепке алуу журналы | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Кызматтык нускама | 3 | 0 | 1 | 0 | ||||||
Контролдоо-техникалык пункту | Унаа каражатын текшерүү үчүн кароочу чуңкурдун же эстакаданын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | |||||
Текшерүү үчүн инструменттер-дин жана куралдардын болушу | 5 | 0 | 2 | 0 | ||||||
Линияга чыгууда унаа каражатын каттоо журналынын жана кызматтык нускаманын болушу | 3 | 0 | 1 | 0 | ||||||
6 | Инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясынын деңгээли жана болушу | Баллдын саны | ||||||||
Жүргүнчүлөрдү ташуудагы иш стажы (жыл) | ||||||||||
1 жылгачейин | 1ден 3кө чейин | 3төн 6га чейин | 6дан 10го чейин | 10дон 15ке чейин | 15 жана андан жогору | |||||
- жетекчи | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
- КК жана ТК инженери | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
- механик | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
- диспетчер | 0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||||
7 | Жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу боюнча Катышуучунун иш стажы | Баллдын саны | ||||||||
1 жылга чейин | 0 | |||||||||
1ден 3кө чейин | 1 | |||||||||
3төн 5ке чейин | 2 | |||||||||
5тен 10го чейин | 3 | |||||||||
10 жана андан жогору | 4 | |||||||||
8 | Автобустарга жеке менчик укугу | Баллдын саны | ||||||||
Менчик (баланста) | 4 | |||||||||
Келишим боюнча (тартылгандар) | 1 | |||||||||
9 | Радионавигациянын заманбап жабдыктарынын болушу жана иштөөсү | Баллдын саны | ||||||||
GPS-контролдун болушу жана иштеши |
| |||||||||
10 | Каттамдарда жүргүнчүлөрдүн жол киреси үчүн Катышуучу тарабынан сунушталган тарифтердин деңгээли | Баллдын саны | ||||||||
Колдонуудагы тарифтин деңгээлинде | 0 | |||||||||
Колдонуудагы тарифтин деңгээлинен 10%га чейин төмөн | 2 | |||||||||
Колдонуудагы тарифтин деңгээлинен 10%дан 20%га чейин төмөн | 3 | |||||||||
Колдонуудагы тарифтин деңгээлинен 20%дан 30%га чейин төмөн | 4 | |||||||||
Колдонуудагы тарифтин деңгээлинен 30% төмөн | 5 | |||||||||
11 | Катышуучунун жайгашкан орду | Баллдын саны | ||||||||
Каттам башталган облустун/шаардын аймагында | 5 | |||||||||
Облустун/шаардын аймагынан тышкары | 1 | |||||||||
12 | Кыймылдуу курамды жаңылоо боюнча иш-чаралар планы | 5ке чейин | ||||||||
13 | Акыркы жылда катышуучунун авариялык коэффициенти 0,03тү жана андан жогору көрсөткүчтү түзөт | Минус 7ге чейин | ||||||||
14 | Акыркы жылда кайрымдуулук социалдык акцияларга катышуусу | Плюс 5ке чейин | ||||||||
Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу тартиби жана өткөрүү жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Кимге _____________________________________________________
(Конкурсту өткөрүүнү Уюштуруучуга)
Кимден_____________________________________________________
(Конкурстун катышуучусу)
АТМнын жайгашкан орду (дареги)_____________________________тел.______________факс__
билдирмени берүү датасы ____________________________________
Сынак тууралуу жарыялоо датасы _____________________________
Лоттун номуру ______________________________________________
Каттамдын номуру жана аталышы _____________________________
Бул билдирме аркылуу, каттамдарда автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу укугу сынагына катышууга ниеттенгендигимди ырастайм.
Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоочу Конкурстарды (тендерлерди) өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө жободо камтылган шарттар жана талаптар менен тааныштым, макулмун жана аткарууга милдеттенем.
Өзүбүз жөнүндө маалыматты кабарлайбыз:
1.Конкурстун катышуучусунун өкүлү катары чыккан ыйгарым укуктуу адам (Аты-жөнү, ээлеген кызматы) __________________________
2. Тейлеген банктын аталышы жана анын юридикалык дареги, эсеп-кысап номуру ____________________________________________________
МО
Жетекчинин аты-жөнү, колу___________________________________
| Байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу тартиби жана өткөрүү өнүндө жобонун 3-тиркемеси |
№ | Автобустун маркасы | Марка үчүн баллдын саны | Автобус чыгарылган жыл | Эксплуатациялоо мөөнөтү үчүн баллдын саны | Автобустун салонунун сыйымдуулугу (техпаспортко ылайык) | Сыйымдуулугу үчүн баллдын саны | GPS-контролунун бардыгы жана иштеши | GPS-контролуүчүн баллдын саны | Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган жабдуулары бар автобустардын болушу | Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ылайыкталган жабдуулары бар автобустардын болушуүчүн баллдын саны | Автоунаага карата жеке менчик укугу | Жеке менчик үчүн баллдын саны | Баллдын жалпы суммасы | ||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | XIII | XIV |
| |||||||||
1. 2. 3. ж.б |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||
Орточо балл |
| ||||||||||||||||||||||