Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 1-октябры № 669
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун
Символика белгиси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Символика белгиси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык
бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду символикаларды даярдоо жана жайгаштыруу менен байланышкан чыгымдарды өздүк каражаттарынын эсебинен төлөсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |