Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 2-ноябры № 693

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын республикалык бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иштерине өбөлгө түзүү жөнүндө" токтомуна  төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттагы "Мамлекеттик бажы комитетине" деген сөздөр "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускамада:

2-пункттагы "Мамлекеттик финансылык полиция кызматы," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик бажы кызматы," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана аларга караштуу мекемелердин ишинин натыйжасында мамлекеттик бюджеттин кирешесин толтурууга алынган каражаттарды бөлүштүрүү боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

 

 

Ө.Бабанов