Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы № 431 токтому менен бекитилген |
"Нарын" эркин экономикалык чөлкөм жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 304 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмүндөгү (мындан ары - "Нарын" ЭЭЧ) чарбалык жана тышкы экономикалык иштин укуктук негиздерин аныктайт.
2. "Нарын" ЭЭЧны түзүүнүн максаты регионду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестицияларды, технологияларды тартууга жагымдуу шарттарды камсыз кылуу, өндүрүштү, унаа инфратүзүмүн, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана өнүктүрүү, рынокторду товарлар менен толтуруу, калктын жашоо турмушунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
3. "Нарын" ЭЭЧнын иши жана "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери катары юридикалык жактарды каттоо менен байланышкан мамилелер "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Республикасынын салык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде ЭЭЧ жөнүндө мыйзамдарда каралгандан башкача эрежелер белгиленген болсо, анда эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.
5. "Нарын" ЭЭЧ функциялык типтеги ЭЭЧ болуп саналат, анын тосмо тургузулган аймагы жана чек аралары, бюджети, башкаруунун өздүк органдары бар.
6. "Нарын" ЭЭЧ Нарын облусунун Нарын шаарынын, Жумгал, Кочкор, Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун административдик чек араларында жайгашкан.
2. "Нарын" ЭЭЧны уюштуруунун жана анын иштешинин шарттары
7. "Нарын" ЭЭЧ Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин ишине бажылык контролдоо жана бажылык жөнгө салуу менен камсыз кылына турган атайын бөлүнгөн аймакта түзүлөт.
8. Эркин бажы чөлкөмүнүн бажылык режими колдонулган "Нарын" ЭЭЧнын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмо орнотуу боюнча талаптар, ошондой эле "Нарын" ЭЭЧнын аймагында "Нарын" ЭЭЧнын субъекттеринин ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бажы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тосмонун же бажылык контролдоонун башка шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсүн бышыктайт.
9. Эгерде ушул бапта башкача каралбаса, ушул Жобонун 7-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда "Нарын" ЭЭЧнын субъекттерине жалпы салыктык режим колдонулат.
10. "Нарын" ЭЭЧнын субъекттери "Нарын" ЭЭЧнын аймагында "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактаган шартта Евразия экономикалык бирлигинин товарларын жана чет өлкөлүк товарларды колдонуу менен байланышкан өндүрүштүк жана башка чарбалык ишти жүргүзө алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 376 токтомунун редакциясына ылайык)