Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 23-июлу № 412
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана билим берүү чөйрөсүндөгү жеке секторду өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 25-бап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«25-бап. Билим берүү ишин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
1. Лицензиялануучу иштин түрүнүн аталышы: билим берүү иши.
Билим берүү иши лицензияланууга тийиш (мектепке чейинки, жалпы баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашырган мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен тышкары).
Лицензия лицензияда көрсөтүлгөн даярдоо багыттары (адистиктер) жана билим берүү деңгээли боюнча гана билим берүү ишин жүргүзүүгө уруксат берет.
Лицензия юридикалык жактарга берилет.
2. Лицензиардын аталышы: билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3. Лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет жана мөөнөтсүз берилет.