Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014–жылдын 14-августундагы № 469 токтому менен бекитилген |
2015-жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун негизги максаты тенденциялар менен өбөлгөлөрдү тактоонун жана конкреттештирүүнүн, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү үчүн болгон ресурстарды жана мүмкүн болуучу тобокелдик факторлорун айкындоонун негизинде мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, чарбакер субъекттер үчүн социалдык-экономикалык саясаттын чараларын аныктоо болуп саналат жана 2015-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорун иштеп чыгуу үчүн негиз болуп эсептелет.
Бул болжол 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгы) жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Өкмөттүн программасынын (2013-2017-жылдар) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы №3694-V токтому) максаттык багыттарынын негизинде даярдалды жана катуу экономикалык соккулар жана ички саясий толкундоолор жок болгон учурда стратегиялык тармактарды өнүктүрүү, экономика тармактарын туруктуу өнүктүрүү үчүн улуттук масштабдагы 77 долбоорду ишке ашыруу негиздери түзүлдү.
2013-жылдын жыйынтыктары боюнча экономиканы өнүктүрүү тенденцияларын, 2014-жылдын 1-жарым жылдагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары боюнча учурдагы экономикалык кырдаалды талдоо жана 2014-жылы күтүлгөн макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү баалоо чагылдырылды. 2015-жылга экономиканын маанилүү секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары, алардын болжолдуу маанилерин кененирээк баяндоону камтуу менен аныкталды, тармактык министрликтердин, ведомстволордун расмий болжолдорунун жана учурдагы тенденциянын базасында түзүлгөн 2016-2017-жылдарда өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн келечеги баяндалды. Тышкы жана ички факторлор, мүмкүн болгон тобокелдиктер белгиленди.
2013-жылы координацияланган макроэкономикалык жана акча-насыялык саясатты жүргүзүүдөн улам өлкөдө макроэкономикалык, финансылык жана социалдык туруктуулук камсыздалды.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча, Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, экономиканын реалдуу өсүшү 2012-жылдагы 0,1% реалдуу төмөндөөгө каршы 10,5% түздү. Жыл башында 7,8% деңгээлинде болжолдонгон экономикалык өсүштүн максаттуу көрсөткүчү 2,7% ашкан. Ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 350 млрд сом суммасында түзүлдү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо ИДПнын реалдуу өсүшү 5,8%ды түздү. 2012-жылдын тийиштүү мезгилинде ушундай көрсөткүч 6,3% болгон. ИДПнын дефлятору 107,4% деңгээлинде түзүлдү. Экономикалык өсүштүн негизги себеби өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу көбөйүшү, атап айтканда, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда алтын өндүрүү көлөмдөрүнүн көбөйүшү болду. Калктын жан башына эсептегендеги ИДПнын көлөмү 64,1 миң сомду түзүп, 2012-жылга салыштырганда 8,3%га көбөйдү.
1-таблица
Көрсөткүчтөр | 2012-ж. (иш жүзүндө) | 2013-ж. (алдын ала иш жүзүндө) | ||||||
млнсом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү п.п. | млнсом | өсүш темпи, % | ИДПга карата % менен | ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү п.п. | |
ИДП | 310471,3 | 99,9 | 100 | -0,1 | 350028,4 | 110,5 | 100,0 | 10,5 |
Айыл чарба, балык өстүрүү | 51706,5 | 101,2 | 16,7 | 0,20 | 53091,5 | 102,9 | 15,2 | 0,48 |
Өнөр жай | 48935,7 | 79,7 | 15,7 | -4,58 | 56480,3 | 134,4 | 16,1 | 5,42 |
Курулуш | 20166,3 | 129,7 | 6,5 | 1,46 | 23644,5 | 112,4 | 6,7 | 0,80 |
Кызмат көрсөтүүлөр | 148914,8 | 106,3 | 48,0 | 2,84 | 166575,2 | 105,1 | 47,6 | 2,46 |
Продуктуга таза салыктар | 40748,0 | 99,9 | 13,1 | -0,01 | 50236,9 | 110,5 | 14,4 | 1,38 |
Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган, ошол эле учурда ИДПнын өсүшүнө эң көп салым өнөр жай тарабынан (5,4 п.п.) жана кызмат көрсөтүү тарабынан (2,4 п.п.) киргизилген, анда өндүрүш көлөмдөрү тийиштүү түрдө 34,4 % жана 5,1 % өскөн. Өсүштүн жогорку темптери ошондой эле айыл чарбасында 2,9 % жана айыл чарбасында – 12,4 % белгиленген.
Экономика тармактарынын көлөмүнүн өсүшүнө төмөнкүлөр көмөк көрсөттү:
- оңдоо иштеринен кийин Кумтөр кенинде өндүрүштү көбөйтүү;
- айыл чарбасы үчүн жагымдуу аба-ырайынын шарттары;
- фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди (беш банк тарабынан жалпы суммасы 3,1 млрд сомго кредиттер берилген), лизингге айыл чарба техникасын берүү жана материалдык резервдер эсебинен ККМди бөлүп берүү;