Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 , 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча Нускама (мындан ары - Нускама) "Эркин бажы чөлкөмү" бажы тартибин колдонуу эрежесин, эркин экономикалык чөлкөмдөрдүн аймагынан товарларды алып чыгууда бажы режимдерин жана бажы контролун жүргүзүүнүн жана эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймагында товарларды пайдалануунун өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунун мазмуну
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 332 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобого ылайык бажы контролун камсыз кылуу максатында ыңгайлаштырылган эркин экономикалык чөлкөмдүн тосулган аймагындагы же ал аймактын бир бөлүгүндөгү (ЭЭЗ субъекти жайгашкан аймак) товарларды жайгаштырууда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулат.
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүнүн аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобонун ченемдери сакталбаганда ЭЭЧнын аймагында жана ЭЭЧнын субъекттери жайгашкан аймактарда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулбайт.
3. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда товарлар ЭЭЧнын аймагында бажы алымдарын, салыктарын төлөбөстөн, ошондой эле чет өлкөлүк товарларга карата тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларына карата тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонбостон жайгаштырылат жана пайдаланылат.
Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү "Эркин бажы зонасы" бажы жол-жобосун аяктоодо ушул Нускамага жана 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык чөлкөмдөр жана эркин бажы чөлкөмдөрүндөгү бажылык жол-жоболор маселелери боюнча макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2016-жылдын 16-августундагы № 446 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. ЭЭЧнын аймагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын бөлүгү болуп саналат.
5. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунун колдонулушу төмөндөгүлөргө таратылбайт:
1) эл аралык жүк ташууларды жүргүзүүгө байланыштуу ЭЭЧнын аймагына/аймагынан товарларды ташуучу эл аралык жүк ташуунун транспорт каражаттарына, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча ички товарларды ташууну ишке ашыруу үчүн дайындалган транспорт каражаттарына;
2) ЭЭЧнын субъекттери болуп саналбаган жана аймактын жана инфратүзүм объектилерин колдонуунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча функцияларды ишке ашыруучу жактар тарабынан ЭЭЧнын аймагына алынып келүүчү Евразия экономикалык бирлигинин товарларына;
3) бул ЭЭЧнын иштөөсүн камсыз кылуу менен байланышкан, ЭЭЧнын башкы дирекциясы тарабынан ЭЭЧнын аймагына алынып келүүчү Евразия экономикалык бирлигинин товарлары;
4) ЭЭЧнын субъектинин дарегине келип түшкөн жана ЭЭЧнын аймагына факт жүзүндө алынып келгенге чейин ЭЭЧнын аймагынын чектеринен тышкары коюлган чет өлкөлүк товарларга;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык ЭЭЧ аймагына алып кирүүгө тыюу салынган товарларга.
6. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагы бажы контролунун чөлкөмү болуп саналат.
7. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагындагы бажы контролу Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагы, бажы контролун жүргүзүү максатында ыңгайлаштырылышы зарыл.
9. Товарларды ЭЭЧнын аймагына/аймагынан ооштуруу, ЭЭЧнын башкы дирекциясы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органы аныктоочу контролдук-өткөрүү пункттары (мындан ары - КӨП) аркылуу ишке ашырылат. Эгерде ЭЭЧнын чек арасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы менен дал келсе, КӨП аныктоо тууралуу макулдашуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен да, ага тиешелүү бөлүгүндө жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
10. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулган ЭЭЧнын аймагында, контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу ЭЭЧнын башкы дирекциясы тарабынан ишке ашырылат.
11. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболорунда коюлган чет элдик товарлар, чет элдик товарлар статусун сакташат, ал эми "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарлары, Евразия экономикалык бирлигинин товарлары статусун сакташат.
12. Чет өлкөлүк товарлардан жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин товарларын колдонуу менен чет өлкөлүк товарлардан жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган товарлар (мындан ары - ЭЭЧ аймагында жасалган товарлар), эгерде Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетиштүү иштеп чыгуу/кайра иштеп чыгуу критерийлерине жооп бербесе чет өлкөлүк товарлардын статусуна ээ болушат.
Эгерде мындай товарлар Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетиштүү иштеп чыгуу/кайра иштеп чыгуу критерийлерине жооп берсе, анда алар Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын статусуна ээ болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Евразия экономикалык бирлигинин товарларын колдонуу менен жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын колдонуу менен жасалган, "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлбаган товарлар, Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын статусуна ээ болушат.
14. ЭЭЧнын аймагына коюлган товарлар "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган учурдан тартып "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору аяктаганга чейин бажы контролунда болушат.
15. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарлары эгерде товарлар жок кылынса же болбосо авариянын же ал жеткис күчтөн улам таптакыр жоголгон учурда "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору колдонулбайт. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору бул товарларга карата аларды жок кылуу бажы жол-жоболоруна коюу менен аякталат.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурда декларация берилүүчү бажы органына ишенимдүү, саны аныкталуучу жана документ түрүндө ырасталган таптакыр жоготуу же Евразия экономикалык бирлигинин товарларын жок кылуу фактысы жөнүндө маалымат берет.
"Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товарларынын саны же абалы табигый эскирүүдөн же нормалдуу сактоо жана пайдалануу (эксплуатациялоо) шарттарында азаюудан улам өзгөргөн учурда декларация берүүчү бажы органына ишенимдүү, саны аныкталуучу жана документ түрүндө ырасталуучу эскирүү же азаюу фактысы жөнүндө маалымат берет. Эскирүү же азаюу фактысы жөнүндө документ түрүндө ырасталган маалыматтар Евразия экономикалык бирлигинин товарлары "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболоруна алынбайт. "Эркин бажы чөлкөмү" бажы жол-жоболору бул товарларга карата аларды жок кылуу бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен аяктайт.