Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 8-июлу № 89
Транспорт жөнүндө
(КР 2003-жылдын 1-августундагы № 169, 2005-жылдын 7-февралындагы № 15, 2006-жылдын 6-февралындагы № 36, 2006-жылдын 15-июлундагы № 111, 2006-жылдын 19-июлундагы № 124, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 15-февралындагы № 21, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын транспортунун укуктук, экономикалык жана уюштуруу иштеринин негиздерин аныктайт.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Транспорт жөнүндө мыйзамдар
Кыргыз Республикасынын транспортунун иши менен байланышкан мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Ташуу шарттары, транспорт каражаттарын пайдалануу, кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу, эмгекти коргоо өрткө каршы коопсуздук эрежелерин жана санитардык ченемдерди сактоо тартиби белгиленген үлгүдө бекитилүүчү жана транспорттук мамилелердин бардык катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналган жана транспорттун тийиштүү түрлөрүндө колдонулуп жаткан ченемдик актылар менен аныкталат.
2-статья. Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр
Автовокзал - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу жана 75тен көбүрөөк адам бата турган күтүү залы жана билеттик кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчун перрону; автобустар токтой турган аянтчасы, сактоочу жайы, эне менен баланын бөлмөсү, айдоочулардын эс алуу бөлмөсү, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.
Автостанция - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу жана 75ке чейинки адам бата турган күтүү залы жана билеттик кассалары; жүргүнчүлөрдү олтургузуу жана түшүрүү үчүн перрону; автобустар токтой турган аянтчасы, сантехникалык түйүнү жана маалымат тактама тутуму бар имаратты камтыган бекеттик имарат жай.
Автопавильон - калктуу конуштардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн автожолдордун боюна жайгашкан линиялык имарат жай.
Кыргыз Республикасынын транспорту - бул республиканын аймагында катталган автомобиль, темир жол, аба, ички суу, шаардык электр транспорту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын менчигинде турган магистралдык трубопровод транспорту.
Ташуучу - бул менчиктөө укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде өзүнүн транспорт каражаты бар, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн, жүктү жана почтаны акыга же жалданып ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жана тийиштүү чечими же буга белгиленген тартипте берилген лицензиясы бар юридикалык же жеке жак.
Транспорт ишканасы - бул ташуучу болуп саналган жана жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү, кол жүгүн жана почтаны ташуу, транспорт каражаттарын техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча чарбалык-коммерциялык иш жүргүзгөн, транспорт иши менен байланышкан кызматтардын башка түрлөрүн көрсөткөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенген юридикалык жак.
(КР 2006-жылдын 6-февралындагы № 36 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Транспорттогу менчик жөнүндө
Кыргыз Республикасында транспорт менчиктин тариздеринин (формасынын) көп түрдүүлүгүнө негизденет.
Транспортту менчиктөөчүлөрдүн бардыгы мыйзам алдында бирдей.
Транспортто мамлекеттик менчикке төмөндөгүлөр кирет:
- жалпы пайдалануудагы темир жана автомобиль жолдору жана андагы инженердик курулуштар;
- магистралдык трубопроводдор;
- кеме жүрүүчү суу жолдору, маяктар, ошондой эле кыймыл коопсуздугун жөнгө салган жана гарантиялаган жасалгалар жана навигациялык белгилер;
- аба кыймылын башкаруу тутумунун аэронавигациялык жасалгалары, коммуникация тармагы, аба кемелерин, авиациялык ташууларды тейлөө технологиясы жана учууну камсыз кылуу менен байланышкан инженердик тармактар.
Транспортто мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана приватташтыруу мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
(КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Транспортко тиешелүү жерлер
Транспортко тиешелүү жерлерге:
жерди пайдалануучу транспорт объектилерине бөлүп берген жерлер;
транспорт жолдорун жана өткөөлдөрүн курууну, реконструкциялоону, оңдоону жана күтүүнү ишке ашыруучу транспорт, жол жана башка ишканалар транспорттук жолдор жана өткөөлдөр үчүн бөлгөн жерлер.
Транспортко жер бөлүүдө пайда болуучу жер мамилелери, транспортту пайдалануу тартиби, анын ичинде калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлерин бөлүп берүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, ошондой эле ага ылайык чыгарылуучу Кыргыз Республикасынын мыйзам жана ченем актылары менен жөнгө салынат.
Жер кулап түшкөн, көчүп, жуулуп кеткен, селге жана башка коркунучтуу табият таасирлерине дуушар болгон райондордо транспорт курулуштарын жана башка объектилерин ишенимдүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында коргоочу зоналар түзүлүшү мүмкүн.
Транспорт ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн жерлерди башка ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге жана граждандарга жүктөрдү сактоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө жана транспорттун иши менен байланышкан башка максаттар үчүн убактылуу пайдаланууга бере алышат.
(КР 2005-жылдын 7-февралындагы № 15 Мыйзамынын редакциясына ылайык)