Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтомунун 1-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-мартындагы № 135, 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 608, 2020-жылдын 24-январындагы № 26, 2020-жылдын 26-майындагы № 273 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606, 2025-жылдын 17-июнундагы № 346, 2025-жылдын 14-октябрындагы № 663 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода жүргүзүүнүн эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт. Ушул Эрежелер бардык ишкер субъекттерге, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй ишкердик жүргүзгөн жарандарга таркатылат.
2. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзам актылары менен жөнгө салынуучу товарлардын айрым түрлөрүн жүгүртүү боюнча мамилелерге карата таркатылбайт.
3. Ушул Эрежелерде төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
автодүкөн - соода жабдуулары менен жабдылган автотранспорт каражаты;
товарлардын ассортименти - кандайдыр бир белгиси же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген товарлардын тобу;
көчмө соода - соода үчүн атайын же атайын жабдылган транспорттук каражаттарды, ошондой эле транспорттук каражат менен чогуу гана колдонулуучу мобилдик жабдууну пайдалануу менен стационардык чекене тармактан тышкары иш жүзүнө ашырылуучу чекене соода;
алып чыгуучу прилавкалар - атайын белгиленген орунга жайгашкан, жеңил орнотулуучу, ташып жүрүүчү же орун которуп туруучу соода оруну;
товардын сапаты - товардын керектөөчүлүк касиеттеринин жыйындысы;
күркө - атайын бөлүнгөн жер участогуна орнотулган, соода залы жок, соода жабдуулары менен жабдылган капиталдык эмес орун которуп туруучу курулма;
контейнер - соода залы бар же жок, бир же эки жумушчу орундуу металлдан жасалган соода объекти;
комиссиялык соода жүргүзүү - калктан комиссияга кабыл алынган жаңы, ошондой эле мурда колдонулган, бирок оңдоону талап кылбаган жана санитардык жактан таза, азык-түлүк эмес товарларды сатууда чекене соода жүргүзүүнүн уюштуруу формасы;
комитент - акыркынын атынан комиссионерге кандайдыр бир бүтүмдү (сатуу, сатып алуу ж.б.) жасоо боюнча тапшырма берген жак, бирок өзүнүн эсебинен;
лоток - орун которуп алып жүрүүчү прилавка, атайын бөлүнгөн жайда жайгашкан стол түрүндөгү соода оруну;
дүкөн - соода, көмөкчү, администрациялык-тиричилик имараты, ошондой эле сатууга товарларды кабыл алуу, сактоо жана даярдоо үчүн имарат менен камсыздалган капиталдык стационардык курулма же анын бөлүгү;
майда чекене соода түйүнү - стационардык соода бирдиктерден жана орун которуп жүрүүчү пункттардан тышкаркы соода автоматтарынан, чатырлардан, дүкөнчөлөрдөн, күркөлөрдөн, чакан-кафеден (жайкы кафе) турган чекене соода тармагынын бөлүгү;
стационардык эмес соода түйүнү - көтөрүп жүрүп соода жүргүзүү принциби менен иштөөчү соода түйүнү;
дүң соода - жекече, үй-бүлөлүк, үй-чарбалык жана башка пайдалануулар менен байланышпаган, сатууга же башка максаттарга багытталган товарларды сатып өткөрүү боюнча ишкердик;
чатыр - атайын аныкталган орунга жайгашкан жана соода жабдуулары менен жабдылган, курап-чечүү түзүлүшүндөгү жеңил курулуучу курулма;
павильон - бир же бир канча жумушчу орунга эсептелген, соода залына жана товардык запасты сактоо үчүн жайга ээ жабдылган курулма;
сатып алуучу - товар сатып алуучу жеке же юридикалык жак;
сатуучу - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соода ишин жүргүзгөн, соода ишинин субъекти;
төлөмдүк пластикалык карточка (банктык пластикалык карточка) - эл аралык стандарттарга ылайык интегралдык схемада же магниттик тилкеде маалымат түшүрүлгөн, полимердик негизде аткарылган, банктык кызмат көрсөтүүнү алуудагы, накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү каражаты;
коомдук тамак-аш объекти - кулинардык продукцияларды (тамактарды), ундан жасалган кондитердик азыктарды жана таттуу нандарды даярдап чыгарууга, сатууга жана (же) керектөөнү уюштуруу үчүн багытталган ишкана;
тамак-аш продуктулары - адамдар тамак катары колдоно турган натуралдык же кайра иштетилген түрдөгү азыктар (анын ичинде балдардын тамак-аш продуктулары, диеталык тамак-аштар), бөтөлкөлөргө куюлган ичүүчү суулар, алкоголдук продукция (анын ичинде пиво), алкоголсуз суусундуктар, сагыздар, ошондой эле азык-түлүк чийки заттары, тамак-аш кошулмалары, биологиялык жигердүү кошулмалар;
азык-түлүк чийки заттары - өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, микробиологиялык, минералдык жана жасалма түрдөгү азык-түлүктөрдү даярдоого колдонгон чийки заттар жана суу;
көтөрүп жүрүп соода жүргүзүү - сатуучунун сатып алуучу менен үйлөрдө, мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда, транспортто жана көчөдө түздөн-түз катнашуу жолу менен стационардык чекене соода түйүнүнөн тышкары жүргүзүлүүчү чекене соода;
чекене соода - керектөөчүлөргө жекече пайдаланууга товарларды сатуу боюнча ишкердик иш;
чекене соода тармагы - чекене товарларды саткан пункттардын жыйындысы;
өзүн-өзү тейлөө - өз алдынча кароо, тандоо жана тандалган товарларды эсептешүү түйүнүнө сатып алуучу өзү жеткирүүгө негизделген чекене сатуунун ыкмасы;
тез бузулуучу тамак-аш азыктары - ташып жүрүүдө, сактоодо атайын шарттарды жана сунушталган так мөөнөттө сатып өткөрүүнү талап кылган тамак-аш азыктары;
сатып алуу - калктан жаңы, ошондой эле мурда колдонулган товарларды аныкталган келишимдик баада кабыл алуу менен мүнөздөлгөн, тапшыруучу менен сатып өткөргөндөн кийин эсептешүүгө негизделген чекене сооданы уюштуруу формасы;
соода объектин адистештирүү - соода объектинин кандайдыр-бир белгилери же белгилердин жыйындысы боюнча бириктирилген, товардын бир же бир нече түрүн сатууга жараша аныкталуучу иш-аракетинин багыты;
жарактуулук мөөнөтү - мезгил аралыгы, анын бүтүшү менен товар багытталган негизи боюнча пайдаланууга жараксыз деп эсептелет;
сактоо мөөнөтү - ченемдик документтерде көрсөтүлгөн, сактоонун аныкталган шарттарын аткарган учурда товардын өз касиеттерин сактап турган мезгил аралыгы;
стационардык соода тармагы - соода жүргүзүү үчүн атайын жабдылган жана багытталган имараттарда жана курулмаларда жайгашкан, соода объекттеринин туруктуулугу менен мүнөздөлгөн соода тармагы;
соода автоматы - товарларды сатууга арналган автоматташтырылган түзүлүш;
соода базары - туруктуу негизде аракеттенген аймакты, башкаруу жана коргоо чарбалык тейлөөсү борборлоштурулган иш милдеттери менен өзгөчөлөнгөн, өз аймагынын чегинде автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн аянтча менен камсыз болгон жана соода иш-аракеттерине багытталган, чектеш аймактардан тосулган мүлктүк комплекс;
товардык коңшулук - чийки жана даяр продуктыларды бирге сактоону жана сатып өткөрүүнү жокко чыгарган, алардын булганышын жана товардын сапатына таасир берген бөлөк жыт жиберүү менен бузулууга жол бербеген шарт;
соода үйү (супермаркет, соода комплекси) - соода иши үчүн багытталган жана соода, администрациялык-тиричилик жана кампа жайлары жана өз аймагынын чегинде автотранспорттук каражаттарды токтотуу үчүн аянтча менен камсыз болгон, бирдиктүү бутүндүк катары башкарылуучу соода объекттеринин жана коомдук тамактануу объекттеринин жыйындысы жайгашкан капиталдык стационардык курулма;
соода залы - сатып алуучуларды тейлөөгө багытталган, соода жайынын атайын жабдылган негизги бөлүгү;
соода маалыматы - товар, даярдоочу, сатуучу жөнүндө мыйзамда каралган жана товар жана аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу максатында сатып алуучуларга билдирилүүчү маалымат;
соода шаймандары - соода иш-аракеттерин ишке ашыруу үчүн арналган буюмдар;
коомдук тамактануу субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрү - керектөөчүлөрдүн тамактануу жана эс алуу муктаждыгын канааттандыруу боюнча ишканалардын жана ишкер жарандардын ишинин натыйжасы.
2. Соода ишин ишке ашырууга карата талаптар
4. Кыргыз Республикасынын аймагында соода иши эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Белгиленген тартипте катталган жана Кыргыз Республикасында ишкердик ишти жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, жарандыгы жок адамдар эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, миграция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы берүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө берилген уруксаттын негизинде соода ишин жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 606 токтомунун редакциясына ылайык)