Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2014-жылдын 3-октябры № 574

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 “Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 “Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аракты өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө типтүү макулдашууда:

5-пунктунун 5.1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пивону өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө типтүү макулдашууда:

4-пунктунун 4.1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев