Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 22-октябры № 608
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Салык кызматынын органдарында кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын эсепке алуунун модернизацияланган автоматташтырылган тутуму боюнча жаңы программалык продуктту киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 282-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пунктта:
үчүнчү сүйлөм алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Салык органы тарабынан кабыл алынган КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын берүү жөнүндө чечимге салык салынган субъекттин КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын алууга арызы, төлөм тапшырмасынын же алынуучу КНСтин эсептик-фактураларынын бланкалары үчүн акы төлөгөндүгү тууралуу квитанция тиркелет.";
- 17-пункттун экинчи абзацындагы "мурда алынган бланктардын калдыгы" деген сөздөр "мурда алынган бланктар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"27. Эгер салык салынган субъекттин учурдагы жылдын башына мурда өткөн календардык жылга ыйгарылган КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларынын тармактык формаларынын пайдаланылбаган номерлеринин калдыгы болсо, ошондой эле салык салынган субъектке тапшырылган КНСтин эсептик-фактураларынын тармактык формаларына серияларды жана номерлерди ыйгаруу жөнүндө салык кызматынын органдарынын мурда кабыл алган чечимдери жокко чыгарылган учурда салык салынган субъект салыктык катталган жери боюнча салык органына 16.1-тиркемеге ылайык форма боюнча (DOC STI-091) КНСтин эсептик-фактураларынын тармактык формаларынын серияларын жана номерлерин жараксыз деп табуу жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
Салык салынган субъект жогоруда аталган КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларын тармактык формаларынын пайдаланылбаган номерлеринин калдыгын номерлер алар тарабынан мурдагы календардык жылдын акыркы салыктык мезгилинде ишке ашырылган жеткирүүлөр боюнча эсеп-фактураларды тариздөөдө пайдаланылган учурлардан тышкары, учурдагы жылы пайдалана албайт.