Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2014-жылдын 14-ноябры № 650
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 851, 2016-жылдын 13-июлундагы № 393, 2017-жылдын 24-августундагы № 533, 2021-жылдын 5-мартындагы № 80, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү жана саясатын жүргүзүү боюнча функцияларды бөлүштүрүү, бул тармакты жөнгө салуучу органдын көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында, «Энергетика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик түзүлсүн.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикти каржылоону камсыз кылсын жана «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июнундагы № 295 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталыштагы жана 1-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин атайын эсеби жөнүндө жободо:
аталыштагы жана бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)