Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
Мухтар Абдуллаевич Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 аныктамасына, Мелис уулу Дастандын кызыкчылыгын көздөгөн Мелес Токтаалиевич Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамасына даттанууларын кароо жөнүндө
2018-жылдын 23-апрели | Бишкек шаары |
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы Н.А. Кененсариеванын катышуусунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Мухтар Абдуллаевич Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 аныктамасына, Мелис уулу Дастандын кызыкчылыгын көздөгөн Мелес Токтаалиевич Иманкуловдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамасына даттанууларын соттук отурумда карап чыкты.
Даттанууларда баяндалган жүйөлөрдү жана М.А. Шариповдун жана М.Т. Иманкуловдун өтүнүчтөрү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 14-декабрында М.А. Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүн, 45-статьясынын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 5-бөлүгүнө, 40-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Ошол эле күнү Мелис уулу Д. кызыкчылыгын көздөгөн М.Т. Иманкуловдун өңчөй өтүнүчү келип түшкөн.
Келтирилген материалдардан келип чыккандай, арыздануучулар талашылып жаткан укуктук ченемдерде ар кимдин Конституция тарабынан таанылган квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугу деталдуу жөнгө салынган эмес, ошондой эле мындай укукту конкреттүү түрдө ким токтоосуз камсыздоого милдеттүү экени аныкталган эмес деп эсептешүүдө. Арыздануучулардын пикири боюнча, натыйжада квалификациялуу юридикалык жардам алуу конституциялык укукту жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой калган, бул жагдай негизсиз жазаланууга алып келген.
Арыздануучулар ошондой эле Конституция жана Жазык-процесстик кодекс тарабынан берилүүчү укуктун маңызынын карама-каршылыгына да көрсөтүшүүдө. Эгер Кыргыз Республикасынын Конституциясында адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамын алууга кепилденген укук тууралуу кеп болсо, алар тарабынан талашылып жаткан жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 45-статьясынын 3-бөлүгүндө мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алуу укугу гана караштырылууда. Арыздануучулардын пикири боюнча ушул себептен «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекет тарабынан кепилденген квалификациялуу юридикалык жардамды камсыздоо жана берүүнүн эрежелери жана ченемдери колдонулбайт, анткени алар тарабынан талашылып жаткан жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 45-статьясынын 3-бөлүгүндө мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алуу гана каралган.
Баяндалганды эске алуу менен, арыздануучулар талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранышкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегияларынын 2018-жылдын 19-январындагы № 2 жана 2018-жылдын 22-январындагы № 3 аныктамалары менен «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде өтүнүчтѳрү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган.
Судьялар коллегияларынын аныктамаларында көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинин 3-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кайрылууда кайрылуучунун коюлган маселе боюнча көз карашы жана аны Конституциянын ченемдерине шилтеме менен укуктук негиздемеси көрсөтүлүүгө тийиш деп белгиленген. Бул орнотмонун маңызы арыздануучунун жүйөлөрү укуктук мааниде ынанымдуу болуусу жана алар тарабынан талашылып жаткан укуктук ченемдердин конституциялуулугу туурасында күмѳн саноого мерчемдүү себептерди камтуусу керек деп туюндурулат.