Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 20-январы № 17
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын
14-мартындагы № 143 «Кыргыз Республикасында
көргөзмө-жарманкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-мартындагы №143 «Кыргыз Республикасында көргөзмө-жармаңкелик иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында көргөзмө-жарманкелик иш-аракет жөнүндө жободо:
- 3.1.-пункттун 3.1.1.-пунктчасындагы «, аны эл аралык стандарттарга, нормалар менен эрежелерге ылайык келтирүү» деген сөздөр алынып салынсын;
- 4.1.-пункттагы «ата-мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен жеке адамдарга» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4.3.-пункт жана 23, 24-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.1.-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына жана ушул Жобого» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.2.-пунктунда: