Редакцияот 11.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 11-марты № 111

Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартибин бекитүү жөнүндө

Токой фондун сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, коргоо, сактоо, токойлорду жаңыртып өстүрүү, токой фондунун сапаттык жана сандык өзгөрүшүн тутумдук контролдоо, мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандарды жана юридикалык жактарды токой фонду жөнүндө ишенимдүү камсыздоо максатында, токойлордун эсебин алууну тутумдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 83-берекелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токой фондун эсепке алуунун бирдиктүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев