КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕПСУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 22-апрели № 232
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкка рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттарына рецепт жазууга жана аларды сатууга контролду күчөтүү максатында, "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын тизмеги.";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Рецепт менен берилүүчү дары-дармек каражаттары эл аралык патенттелбеген аталышы менен бекитилген үлгүдөгү рецепттердин бланктарына гана, анын ичинде ММКФ тарабынан сатылуучу дары-дармек менен камсыздоонун жеңилдетилген программаларынын алкагында бекитилген жана колдонуудагы рецепттердин бланктарына жазылары белгиленсин. Рецепт жазууда дары-дармек каражаттарынын эл аралык патенттелбеген аталышы жок учурда, анын соодалык аталышын колдонууга жол берилет.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелеринде:
- 5-пунктта:
экинчи абзацындагы "№ 148-1/у формадагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-2 формадагы" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "№ 107-1/у формадагы" деген цифралар жана сөздөр "ЛС-1 формадагы" деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
төмөнкү мазмундагы төртүнчү-алтынчы абзацтар менен толукталсын: