Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
2015-жылдын 22-апрели № 236
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-августундагы № 523 "2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Экономикалык зыянды азайтуу жана өлкөнүн калкынын коопсуздугун жогорулатуу, сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган сейсмикага каршы алдын ала иш-чараларды ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-августундагы № 523 "2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы, 1-пунктунун экинчи абзацындагы жана 2-пунктундагы "2015" деген цифралар "2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча 2015-2019-жылдарга иш-чаралардын планы";
- 2-пунктундагы "Архитектура жана курулуш" деген сөздөр "Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирдикте 2015-2019-жылдары Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык донор уюмдардын каражаттарын тартуу боюнча зарыл иштерди жүргүзүшсүн.";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "2012-2015-жылдардагы Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасында: