Редакцияот 27.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 27-апрели № 259

Кыргыз Республикасында "Манас" эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө

''Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, өнүктүрүү жана кеңири таратуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында "Манас" эпосун жыл сайын белгилөө күнү катары 4-декабрь аныкталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев