Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген |
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-декабры № 862, 2017-жалдын 3-мартындагы № 138, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана негизги аныктамалар
1. Ушул Жобо үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен инфратүзүмдүк долбоорлорду тандоонун жана каржылоонун тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги аныктамалар пайдаланылат:
объектини пайдаланууга кабыл алуу актысы - объектини пайдаланууга киргизүүнү ырастаган, укуктук күбөлөндүрүүчү документ;
грант берүүчү - долбоору дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга тандоодон жана бекитүүдөн өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен Макулдашууга кол коюучу мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы;
грант алуучу - долбоору дем берүүчү (үлүштүк) грант алууга тандоодон жана бекитүүдөн өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - жергиликтүү бюджеттердин жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаты;
жергиликтүү бюджеттердин кирешелик камсыздалгандыгы - бир тургунга эсептелген кирешелердин пландалган көлөмү, ал тийиштүү жылга жергиликтүү бюджеттер тарабынан алынышы мүмкүн;
арыз берүүчү - дем берүүчү (үлүштүк) грант алууга долбоор берген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;
инфратүзүмдүк долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча органдары тарабынан демилгеленген капиталдык чыгашалардын социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана ишке ашыруунун мөөнөтүн негиздөө менен инфратүзүм объектилерин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеси;
капиталдык чыгымдар - негизги фонддорду курууга, реконструкциялоого, көрктөндүрүүгө, капиталдык оңдоого сарптоолор;