Редакцияот 05.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 5-июну № 345

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-майындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборун уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору жөнүндө жободо:

- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Борбордун кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп эсептелбейт.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев