Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-июну № 378

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктундагы "Тиркемеге ылайык курамда" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жөнүндө жобонун 6-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Премьер-министри" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Т. Сариев