Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Балыктарды климатташтыруу, коё берүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Балыктарды климатташтыруу, коё берүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн балыктандыруу боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана көлмөлөрдүн балык продуктуулугун жогорулатуу жана экологиялык абалын жакшыртуу, ошондой эле сырттан алынып келген баалуу балык түрлөрүн климатташтыруу, көчүрүп келүү жана балык чарбалык маанидеги суу объектилеринде алардын туруктуу популяцияларын түзүү максатында балык чабактарын коё берүү, көлмөлөрдү балыктандыруу иштерин жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
2. Балыктарды жана суу омурткасыздарын климатташтыруу, коё берүү, көчүрүп келүү, көбөйтүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу, табигый жана жасалма көлмөлөрдө, садоктук жана башка атайын курулмалардагы балык запастарын көбөйтүү, өндүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралардын курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. Балыктарды коё берүү, көчүрүп келүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди жана иш-чараларды жүргүзүүнүн милдеттери болуп суу экосистемаларынын ихтиофаунасын түзүүгө багытталган, алардын түрдүк курамын жакшыртуу, ошондой эле балыктын айрым баалуу түрлөрүнүн жана суу омурткасыздарынын санын сактоо, көбөйтүү жана алардын жашаган ареалын кеңейтүү жолу менен балык продуктуулугун жана көлмөлөрдүн чарбалык баалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
4. Ушул Жободо төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
балык байырлаган ареал - дайыма жашаган жеринин туруктуулугуна карабастан, кокустан жашап калган жерди эсептебегенде, ошол балыктын түрү таралган географиялык аймак;
биологиялык негиздеме - балыкты же өнөр жайлык жана (же) балыктын баалуу чектелген түрлөрүн кармоого, суу объектилеринен алына турган балыктын мүмкүн болгон көлөмдөрүн аныктоого, суу биоресурстарынын жана алар байырлаган чөйрөнүн абалына таасир бере турган чарбалык ишке карата берилген илимий-негизделген корутунду;
балыкты өстүрүүнүн жана көбөйтүүнүн биотехникасы - жашоонун жаңы байырлаган жерлеринде балыктын баалуу түрлөрүн өстүрүү жана көбөйтүүгө жана чарбалык пайдаланууга байланыштуу жүргүзүлүүчү иштерди жүргүзүү биотехнологиясы боюнча илимий рекомендациялар;
балыкты көчүрүп келүү (балыктандыруу) - балык уулоочу, балыгы көп жерлерге балыктын айрым түрлөрүн коё берүүгө багытталган иш;
суу биологиялык ресурстары (суу биоресурстары) - табигый көлмөлөрдө жана суу агымдарында табигый эркин абалдагы балыктар, суу омурткасыздары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
балык чарбалык маанидеги суу объектилери - балык өстүрүүчүлүк, балык уулоочулук же балыкты көбөйтүү максаты үчүн пайдаланылуучу же пайдаланыла турган табигый көлмөлөр, суу сактагычтар жана дарыялар, ошондой эле алардын өзүнчө тилкелери (акваториялары);
көлмөлөрдү балыктандыруу - балыктын өз алдынча көбөйө турган популяцияларын түзүү, балыктын баалуу, сейрек кездешүүчү, эндемикалык жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн сактоо жана товардык балык азыгын алуу максатында көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балыктын урук материалын жана балыкты коё берүү;
тоют базасы - көлмөдө жашаган жана ихтиофаунанын тоюту катарында пайдаланыла турган өсүмдүктөр жана жандуу организмдердин саны;
балыкты интродукциялоо - мурда өздөштүрүлбөгөн же жашаган ареалынан тышкаркы балыктуу жерлерге балыкты коё берүү;
балыктын популяциясы - белгилүү балыктуу жерлерде жашаган балыктын бир түрүнүн өзүнчө жыйындысы;
балыктын урук материалы - балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин балык азыктуулугун жогорулатуу максатында көлмөлөргө жана балык уулоочу участокторго коё берилген балыктын чабагы;
балык чарбалык бассейн - балыктын белгилүү түрлөрүнүн өзүнчө популяциялары байырлаган балык чарбалык маанидеги суу объектилеринин жана акваторияларынын тобу;
ихтиофаунаны реконструкциялоо - көлмөдө баалуулугу аз балыктардын түрлөрүн кыскартып, жогорку сапаттагы балыктарды коё берүү жолу менен балыктардын үйүрүн түзүүгө багытталган процесс;
реакклиматизация - бул түр байырлаган табигый (мурдагы) ареалынын чегинде кандайдыр бир себептер менен жок болуп кеткен популяцияны калыбына келтирүү максатында түрдүн өзүнчө организмдерин коё берүү.
2. Балыктын баалуу түрлөрүн климатташтыруу, коё берүү жана көлмөлөрдү балыктандыруу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү