Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүн пайдалануу тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана аквакультураны, балык уулоону өнүктүрүү жана товардык көлмө балык чарбаларын уюштуруу үчүн көлмөлөрдү пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:
- аквакультура - суу биоресурстарынын өндүрүштүк запастарын толуктоо же товардык продукцияны алуу максатында, адамдын контролдоосу алдында жүргүзүлүүчү балыктарды, башка суу жаныбарларын жана өсүмдүктөрдү көбөйтүү, багуу жана өстүрүү боюнча иштин түрү;
- акватория - кандайдыр бир табигый, жасалма же шарттуу чек аралар менен чектелген көлмөлөрдүн суу мейкиндиги;
- бассейн - балыктарды кармоо үчүн сыйымдуу, анча чоң эмес жасалма көлмө сыйымдуулук;
- вегетациялык мезгил - жаратылыш факторлоруна (температура, күндүн узактыгы ж.б.) байланышкан балыктын өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн эң жагымдуу мезгил, ал эреже катары апрелден октябрга чейин созулат;
- балык чарба иши - балык өстүрүүгө, балык уулоого, кайра өндүрүүгө, балык ресурстарын коргоого жана үйрөнүүгө байланышкан иш;
- балык чарба мелиорациясы - суу биоресурстарын табигый кайра өндүрүүнүн шарттарын жакшыртууга жана көлмөлөрдүн биологиялык азыктуулугун жогорулатууга багытталган аракеттер же иш;
- балык өстүрүүчүлүк - көлмөлөрдү балыктын урук материалдары менен балыктандыруу, ошондой эле жасалма көлмөлөрдө товардык балыктарды багуу жана көбөйтүү жолу менен, аларды кармоо, кийин сатуудан киреше алуу максатында балыкты жана башка суу биоресурстарын өстүрүү боюнча иш;
- балык өстүрүүчүлүк-мелиорациялык иш чаралар - баалуу балык чабактарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иш-чаралар, жасалма урук чыгаруучуларды, балыктардын көбөйүү шарттарын жана байырлоочу жерлерин жакшыртуу максатында гидротехникалык курулуштарды куруу, ашыкча суу өсүмдүктөрүн чабуу, булактарды тазалоо, балыктардын урук чыгуучу жайылмаларга өтүүсүнө кызмат өтүүчү куймаларды тазалоо жана тереңдетүү;
- балык өстүрүү-биологиялык негиздеме - көлмөнүн, анын ихтиофаунасынын абалы жөнүндө билүүгө мүмкүн болгон иш-чаралар комплекси жана алынган маалыматтардын негизинде аны балык чарбалык өздөштүрүү, пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду чыгаруу;
- садоктордо балык өстүрүү - балыктарды атайын жабдылган, табигый же жасалма түзүлгөн көлмөлөрдө же садоктордо өстүрүү;
- садоктордо балык өстүрүү чарбасы - садоктордо товардык балык азыгын өндүрүүгө адистештирилген чарба;
- садок - балык кармоо жана өстүрүү үчүн курулма;
- балык байырлоочу чөйрө - балык табигый эркин абалда байырлаган табигый суу чөйрөсү (суу мейкиндиги);
- көлмө-товардык балык чарбасы - чарбалык баасы төмөн балыктарды кармоонун эсебинен алардын ихтиофаунасын толук же жарым-жартылай алмаштыруу, аларда балыктардын баалуу түрлөрүн коё берүү, өстүрүү жана кийин кармоо менен көлмөлөрдү балык чарбалык пайдаланууну жакшыртууну жүргүзгөн чарба;
- аквакультура объектилери - жарым-жартылай эркин же жасалма жол менен түзүлгөн байырлоо шарттарында көбөйтүү, багуу же өстүрүү максатында пайдаланылган балыктар, башка суу биоресурстары;
- аквакультуранын ачык шарттары - суу объектилеринен (алардын бөлүктөрүнөн) аквакультура объектилеринин сыртка чыгуусуна жолтоо болгон тоскоолдуктар менен бөлүнбөгөн, суу чөйрөсүндө аквакультура объектилерин көбөйтүү, багуу жана өстүрүү шарттары;
- пайдалануучу - аквакультура, балык көбөйтүү же балык уулоо максаттары үчүн балык чарбалык маанидеги суу объектилери же алардын тилкелери белгиленген тартипте пайдаланууга берилген юридикалык жана (же) жеке жактар;
- аквакультуранын жабык шарттары - суу объектилеринен (алардын бөлүктөрүнөн) аквакультура объектилеринин сыртка чыгуусуна тоскоолдуктар аркылуу бөлүнгөн суу чөйрөсүндө аквакультуранын объектилерин көбөйтүү, багуу жана өстүрүү шарттары;
- аквакультура продукциясы - чарбалык иш жүргүзүүнүн натыйжасында алынган аквакультура объектилеринин бардык түрлөрү, ошондой эле алардан өндүрүлгөн тамак-аш продукциясы жана айыл чарба продукциясына кирген уруктандырылган икра.