Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнө жана суу сактагычтарына коё берилүүчү балык өстүрүү продукцияларын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана балык корлорун сактоо, көбөйтүү максатында, юридикалык жана жеке жактардын (мындан ары - балык чарба субъектилери) Кыргыз Республикасынын табигый көлмөлөрүнө жана суу сактагычтарына балык өстүрүү продукцияларын өстүрүп жана коё берүү эсепке алуу иштерин жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо балык өстүрүү продукциясы болуп товардык балыкты өстүрүү жана алуу максатында көлмөлөргө коё берүүгө арналган белгилүү курактык категориядагы (личинка, чабак, бир жылдык ж.б. балыктар) балыктар түшүнүлөт.
3. Табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга балык өстүрүү продукциясы ушул Жобого жана анын ихтиопатологиялык абалы жөнүндө оң корутундуга ылайык коё берилет.
4. Көлмөлөрдү балыктандыруу максатында, балыктын урук материалын өстүрүүчү балык чарба субъектилери, балык чабагын коё берүүнүн жана мөөнөтүн, көлмөлөрдү, чабактарды коё берүүнүн көлөмүн көрсөтүү менен жыл сайын график түзүшөт.
5. Көлмөлөргө личинкаларды, чабактарды, бир жылдык балыктарды (мындан ары - балык чабагы) ар бир коё берүү балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан белгиленген тартипте эсепке алуу документтерин милдеттүү тариздөө менен жүргүзүлүүгө тийиш.
6. Балык өстүрүү продукцияларын коё берүүнү эсепке алуу, балык чарбасын башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусунда, балык чарбалык субъектилердин балык өстүрүүчү-адистери тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын ишине катышууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
9. Балык өстүрүү продукциясын эсепке алуу, транспорттоо жана көлмөлөргө коё берүү иштерин жүргүзүүдө төмөнкүлөр ишке ашырылат:
- балык өстүрүү продукциясын өстүрүлгөн курулмалардан ташып чыгарууда жана көлмөлөргө коё берүүдө ченемдик көрсөткүчтөрдү аныктоону эсепке алуу жана контролдоо;
- атайын транспорт каражаттарынын, жабдуулардын, балык чабагын ташууга инвентарлардын, идиштердин бардыгын жана алардын абалын, ошондой эле каттоо документтеринин баштапкы формаларын текшерүү;
- балык чабагын коё берүүгө бардык балык эсептөөчү жабдуулардын даярдыгын жана коё берилүүчү балык чабактарынын санын эсептөөнүн тигил же, бул метод боюнча аныктоонун тууралыгын текшерүү;
- баштапкы эсепке алуу документтерин тариздөөнү контролдоону жана ар бир өстүрүү курулма, дегеле балык чарба субъектилери боюнча бардык жыйынтыктоо актыларын түзүү.
10. Табигый көлмөлөргө жана суу сактагычтарга инфекциялык ооруу козгогучтарды жана инвазиялык ооруу жуктурган балык чабактарын коё берүүгө тыюу салынат.
2. Коё берилүүчү балык өстүрүү продукциясын эсепке алуу методдору
11. Балык чарба субъектилеринин коё берилүүчү балык чабактарынын санын аныктоо төмөндөгү методдор менен жүргүзүлөт: бүтүндөй (салмактык, көлөмдүк, дааналык), убакыттык (салмактык, көлөмдүк) жана бонитировкалык.
1) Бүтүндөй эсепке алуу
Коё берилүүчү балыктын көлөмү эсепке алынат, өлчөнөт, салмагы тартылат же бирден саналат.
Чабактарды эсепке алуу ченем идиштин (0,5 литрден аз эмес) же өлчөм салмагынын (0,5 кг аз эмес) жардамы менен жүргүзүлөт.
Ар бир онунчу көлөмдүк же салмактык ченөө саналат, ченемдердеги чабактардын санынын орточо арифметикалык чоңдугу аныкталат да, орточо арифметикалык чоңдук менен коё берилүүчү чабактардын жалпы саны чыгарылат.
2) Убакыттык метод
Чабактарды эсепке алуу дароо сууну коё бергичтерди ачкандан кийин башталып жана көлмөдөн, жасалма көлмөдөн, суу сактагычтан суу агып бүткөнчө уланат.
Убакыттык метод балык чабактарына зыян келтирүүсүз сынам алганга мүмкүн болгон атайын аспаптардын жардамы менен жүргүзүлөт.
Сынамдарды алуунун мезгилдүүлүгү балык чабактарынын агып келүүсүнүн ургалдуулугунан көз каранды болот, бирок бардык учурда 2 саат сайын бирден аз эмес сынам алынат.
Сынамды алуунун узактыгы балык чабактарынын агып келүү ургалдуулугуна, анын орточо салмагына жана курулманын же кармагычтын түрүнө жараша белгиленет, бирок бир минутадан аз болбойт.
Балык чабактары жогорку ургалдуулукта агып келген учурларда 30 минут сайын 30 секундда сынам алуунун узактыгы белгиленет.
Сынамды алууда убакыт кум сааттын же секундамердин жардамы менен саналат.
Сынамды чабак кармагычтын аянтынын шлюздардын ортосундагы суунун кесилген аянтына карата катышты санап же шлюздардын ортосундагы суунун бүткүл агымын тоскон кармагычтарды коюп, атайын чабак кармагыч менен алыш керек.
Кармагыч кезеги менен ар бир ачылган шлюздарда коюлат.
Бардык сынам салмакка тартылат же өлчөгүч тор чөйчөк менен өлчөнөт, эгерде ал 0,5 кг ашпаса, анда бардык сынам иштетилет, эгер сынамда 0,5 кг көп болсо, анда өлчөөдөн кийин - бардык сынамдын өлчөөлөрү салмакка тартылат жана балык чабагынын түрдүк курамына жана морфометрикалык көрсөткүчтөрүнө жараша 0,1-0,5 кг иштетилет, бирок 100 даанадан аз болбойт.
Контролдук сынам же бардык кармалган балык түрлөрү боюнча сорттолот жана кылдаттык менен саналат.
Сынамдагы балык түрлөрүнүн пайыздык катышы аныкталат. Андан кийин 1 минута ичинде коё берилген балык чабагынын саны аныкталат жана сынам алуунун мезгилдүүлүгү саналат.
Бир суткадагы балык чабагынын жалпы саны, ар бир интервал үчүн алынган жыйынтыктарды кошуу жолу менен аныкталат.
3) Бонитировкалык эсепке алуу
Эсепке алуу балык чабагын коё берүүдөн мурда жүргүзүлөт. Балыктар өстүрүлүүчү көлмөдө каттоо зоналары белгиленет. Сынам кармалуу коэффициентти аныктай турган балык улоо шайманынын жардамы менен алынат. Сынам бир убакта же кыска убакыт аралыгында алынат. Балык кармоо шайманынын кармоо коэффициентин эске алуу менен, алынган сынамдарды талдоонун негизинде, статистикалык-мүмкүндүк методдорду колдонуунун көлмөдөгү балык чабактарынын саны саналат. Бонитировкалык каттоо ыйгарым укуктуу орган бекиткен методдор боюнча сутканын жарык убактысында жүргүзүлөт.