Редакцияот 28.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 28-августу № 613

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын

экономикасынын тармактарын жана калкын

2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө”

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын

14-ноябрындагы № 649 токтомуна

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек шаарынын тургундарын электр жана жылуулук энергиялары, ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-майындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 649 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктундагы “1-сентябрына” деген цифра жана сөз “14-ноябрына” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев