Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 2-марты № 31
Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-майындагы № 96, 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 291, 2011-жылдын 23-июнундагы № 54, 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 180, 2014-жылдын 18-июлундагы № 142, 2018-жылдын 22-майындагы № 52, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2024-жылдын 24-июлундагы № 144, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Глава. Жалпы жоболор
II Глава. Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү Менчиктештирүү мамлекеттик программасы
III Глава. Менчиктештирүүнүн катышуучулары (субъекттери жана объекттери)
IV Глава. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү усулдары
V Глава. Мамлекеттик ишканаларды чарбалык өнөктөштүктөргө (коомдорго) өзгөртүп түзүү
VI Глава. Чарбалык шериктештиктерге (коомдорго) өзгөртүп түзүлгөн мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү
VII Глава. Баштапкы бааны аныктоо, менчиктештирүүдөн түшкөн киреше жана аны бөлүштүрүү
VIII Глава. Корутунду жоболор
Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү аркылуу Кыргыз Республикасында менчикке мамилелерди өзгөртүүнүн уюштуруу жана укуктук негиздерин белгилейт.
Жалпы жоболор
1-статья. Мүлктү менчиктештирүү түшүнүгү
Мамлекеттин менчигинде турган мүлктү (менчиктештирүү объекттерин) жеке жана юридикалык жактардын менчигине ордун толтуруп ажыратып берүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү дегендикти түшүндүрөт.
(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдык актылардан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.