Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАКСЫНЫН ѲКМѲТY

2015-жылдын 12-августу № 568

Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти борборлоштурулган сатып алууларды жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган деп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаменти:

- бир айлык мөөнөттө борборлоштурулган сатып алууларды уюштуруу боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечсин;

- министрликтер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген табыштамаларга ылайык борборлоштурулган сатып алуулар жүргүзүлүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин аныктасын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Т.А. Сариев