Редакцияот 03.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 3-сентябры № 616

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомунун колдонулушун жокко чыгаруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2015-жылдын 25-майындагы № 11/2-13 протестин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 35-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасьшын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-октябрындагы № 574 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтомунун колдонулушу жокко чыгарылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөнден кийин күчүне кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев