Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 246
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 токтому менен бекитилген |
Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип уюмдарды аккредитациялык агенттиктер катары таануунун жол-жобосун жана талаптарын жөнгө салат.
2. Аккредитациялык агенттик катары таанылган уюм (мындан ары - Агенттик) - бул негизги максаты билим берүү мекемелерин жана билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациялоо болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюм.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Уюмду аккредитациялык агенттик катары таануу билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн Улуттук аккредитациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Уюмга коюлган талаптар
4. Уюм төмөнкүлөр болгон учурда аккредитациялык агенттик катары таанылат жана Кыргыз Республикасынын аккредитациялык агенттиктеринин Улуттук реестринде катталат:
1) Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлөрдүн юстиция органдарында каттоого алынса;
2) белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана маалыматтык ресурстар;
3) Агенттик тарабынан даярдалган жана билим берүү уюмдарына жана программаларына экспертиза жүргүзүүгө тартылуучу билим берүүнүн сапатын сырттан баалоо боюнча сертификаты бар эксперттердин (анын ичинде чет өлкөлүк эксперттердин) маалымат базасы;
4) бекитилген критерийлер, стандарттар, аккредитациялоо жана чечим кабыл алуу жол-жоболору, аккредитациялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат жайгаштырылган Агенттиктин веб-сайты;