Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтому менен бекитилген |
Тиркеме 4
Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоо ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-августундагы № 463, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 54 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун ушул эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) жана топтолмо пенсиялык фонддор (мындан ары - ТПФ) - Соцфонд, ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компанияларга берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону жана алардын жайгаштырылышын контролдоонун тартибин, ошондой эле пенсиялык топтолмо каражаттардын курамын жана түзүмүн түзүү боюнча талаптарды, пенсиялык активдерди ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруу компанияларына пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча кирешесинин эсептеринин тартибин белгилейт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- пенсиялык активдердин шарттуу бирдиги - башкаруучу компания тарабынан аларды инвестициялык башкаруунун натыйжасында пенсиялык активдердин өзгөрүүсүн мүнөздөө үчүн пайдаланылуучу жана ушул Эрежелерге ылайык эсептелүүчү ТПФ пенсиялык активдеринин салыштырма чоңдугу;
- таза пенсиялык активдер - пенсиялык активдерге таандык пенсиялык милдеттенмелерди эсептен чыгаруу менен ТПФ пенсиялык активдери (пенсиялык төлөмдөр, башка ТПФтерге которуулар боюнча милдеттенмелер жана башка мүмкүн болгон окшош милдеттенмелер).
3. Пенсиялык топтолмо каражаттар алардын өсүүсүн камсыздоо максатында гана жайгаштырылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону Соцфонд жана ТПФ менен түзүлгөн пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде башкаруу компаниясы жүзөгө ашырат.
5. Пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоону "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башкаруу компаниясы жүзөгө ашырат.
6. Соцфонд жана ТПФ пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу функцияларын пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруу келишимин түзгөн башкаруу компаниясына берет. Башкаруучу компания жана депозитарий инвестицияланган пенсиялык топтолмо каражаттардын жана активдердин сакталышы үчүн материалдык жана финансылык жоопкерчиликтерди тартат.
7. Пенсиялык топтолмолордун сакталышын жана башкаруучу компаниялардын төлөм жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында пенсиялык топтолмолорду инвестициялоо ачыктык, диверсификациялоо, ишенимдүүлүк жана кирешелүүлүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.