Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
5-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтому менен бекитилген |
Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн ТАРТИБИ
1. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөөнүн эрежелерин ушул тартип аныктайт.
2. Активдердин учурдагы рыноктук наркын, анын ичинде пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган таза активдердин наркын эсептеп чыгуу ар бир инвестициялык активдер боюнча өзүнчө жүзөгө ашырылат.
3. Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркын жана таза активдердин наркын эсептөө ар бир жумуш күндүн аягында жүзөгө ашырылат, эгерде мындай күн отчёттук мезгил бүткөн күндөн кийинки жакынкы жумуш күн жумушчу эмес күнгө туура келген күн болуп саналса, анда пенсиялык таза активдердин орточо наркынын жана активдердин учурдагы рыноктук наркынын эсеби отчеттук мезгил бүтүүчү көрсөтүлгөн датада чыгарылат.
4. Пенсиялык топтолмо каражаттарга инвестицияланган инвестициялык активдердин учурдагы рыноктук наркы эсептердеги жана финансылык-насыя уюмдарынын депозиттериндеги акча каражаттарынын, баалуу кагаздардын рыноктук нарктарынын суммаларынын, ошондой эле дебитордук карыздардын суммаларынын негизинде эсептелип чыгарылат.
5. Баалуу кагаздардын рыноктук наркы инвестициялык активдердин түзүмүндөгү баалуу кагаздардын сандарынын жана бир баалуу кагаздын рыноктук баасынын негизинде аныкталат, эгерде ушул тартипте башка каралбаса.
6. Фондулук биржанын котировка тизмесине кирген, баалуу кагаздардын рыноктук баасын ошол фондулук биржа аныктайт. Ушуну менен бирге:
а) баалуу кагаздардын рыноктук баасы ченемдик укуктук актыларга ылайык таанылган бүтүмдөр боюнча орточо тең салмактанган баа, бир соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр (мындан ары - рыноктук бүтүмдөр) катары аныкталат, эгерде көрсөтүлгөн бүтүмдүн саны ондон кем эмести түзсө;
б) эгерде ошол чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен бир соода күнүнүн ичинде ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы эки соода күнүнүн ичинде жасалган ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөрдүн орточо тең салмактанган баасы катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо;
в) эгерде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен акыркы эки соода күнүнүн ичинде ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы үч соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелип чыгарылган орточо тең салмактанган баа катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо;
г) эгерде акыркы үч соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы беш соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелип чыгарылган орточо тең салмактанган баа катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо;
д) эгерде акыркы беш соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен ондон азыраак рыноктук бүтүмдөр жасалса баалуу кагаздардын рыноктук баасы акыркы отуз соода күнүнүн ичинде ошол эле чыгарылыштагы баалуу кагаздар менен жасалган рыноктук бүтүмдөр боюнча эсептелип чыгарылган орточо тең салмактанган баа катары аныкталат, эгерде мындай бүтүмдөрдүн саны ондон кем болбосо.
7. Эгерде топтолмо пенсиялык каражаттар инвестицияланган активдердин жана таза активдердин учурдагы рыноктук наркы эсептөө датасында чыгарылса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы ушул Тартипке ылайык аныкталбаса, баалуу кагаздардын рыноктук баасы төмөнкүдөй аныкталат: