Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-декабры № 826
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157, 2026-жылдын 30-мартындагы N 200 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2.14-пункттагы "банктын депозиттик базасын 1/360" деген сөздөр "банктын жалпы депозиттик базасын 1/360, жылдык 0,2 пайызына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.1- жана 3.2-пункттарындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо боюнча агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.5. Эгерде депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусу депозиттерди коргоо системасына мүчөлүк акыны төлөбөсө же аны өз убагынан өткөрүп же болбосо толук эмес өлчөмдө төлөсө, ага "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жоопкерчилик чаралары колдонулат. Эгерде көрсөтүлгөн чаралар 6 айдын ичинде натыйжа бербесе, Агенттик банк-катышуучуга чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылат.";
- жогоруда аталган Жобонун расмий тилдеги тиркемесинин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Взнос уплачивается на ежеквартальной основе, не позднее 15 числа месяца, следующего за расчетным периодом.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Аманаттарды коргоо агенттигине берилүүчү Аманаттарды коргоо системасынын катышуучу банкынын отчетунун формасы жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттигине берилүүчү Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банктын отчеттуулугунун формасы жөнүндө нускамада:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Депозиттерди коргоо агенттиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;