Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) камсыздандыруу брокерлеринин өздөрүнүн кесипкөй ишин жүзөгө ашырышынын негизги талаптарын жана шарттарын белгилейт.
2. Камсыздандыруу брокери тиешелүү лицензияны алгандан кийин камсыздандырылуучунун же болбосо камсыздандыруучунун тапшырмаларынын негизинде өзүнүн атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак болуп саналат.
2. Камсыздандыруу брокеринин ишине карата коюлуучу талаптар
3. Камсыздандыруу брокери брокердик иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) өзүнүн атынан жана камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча же кайра камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн атынан жана цеденттин тапшырмасы боюнча камсыздандыруу келишимдерин түзгөн ортомчулук ишти;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) маселелери боюнча кеңеш берүүчү ишти;
3) камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) жеке жана юридикалык жактарды издөө жана тартуу;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат көрсөтүүсүнө жана финансылык абалына салыштырма талдоо жүргүзүү;
5) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын көрсөткөн кызматтарына салыштырма талдоо жүргүзүү максатында камсыздандыруу объекттери жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
6) кардарлардын тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) шарттарын, камсыздандыруучуларды (кайра камсыздандыруучуларды) тандоо критерийлерин, камсыздандыруу кооптуулугун табуу боюнча эксперттик кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу;
7) камсыздандырылуучунун (цеденттин) тапшырмасы менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзүүгө керектүү документтерди даярдоо жана (же) жол-жоболоштуруу, камсыздандыруу маселеси боюнча маалыматтарды чогултуу;