Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 19-майы № 269

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкүлөр кайра сурап алынсын:

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 204 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 739 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз  Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 775 "Товарларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Премьер-министри

С.Жээнбеков