Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 27-майы № 279
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Артыков, Д.Б.Аттокуров, К.С.Бокоев, Д.А.Жумабеков, Т.З.Зулпукаров, Т.И.Икрамов, К.К.Иманалиев, А.С.Кодуранова, М.Г.Мадеминов, Г.С.Молдобекова, У.Б.Примов, О.Ч.Текебаев, Б.Э.Торобаев, С.Шер-Нияз, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-майындагы № 279 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Артыков, Д.Б.Аттокуров, К.С.Бокоев, Д.А.Жумабеков, Т.З.Зулпукаров, Т.И.Икрамов, К.К.Иманалиев, А.С.Кодуранова, М.Г.Мадеминов, Г.С.Молдобекова, У.Б.Примов, О.Ч.Текебаев, Б.Э.Торобаев, С.Шер-Нияз, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого байланыштуу мамилелерди жөнгө салат, мамлекеттик сыйлыктардын укуктук статусун, сыйланган адамдардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
1. Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлгөн сунуштар колдонуудагы мыйзамдарда аныкталган кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине киргизиле тургандыгы белгиленген.
"Кызмат адамы" деген термин мамлекеттик башкаруунун ар түрдүү органдарында иштеген кызмат адамдарынын кеңири чөйрөсүн түшүндүрө тургандыгын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
2. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин ченемдерин көңүлгө алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.