Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 6 августундагы № 475 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2016-жылдын 14-июну № 313
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 "Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окуу үчүн Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын арасынан талапкерлерди сапаттуу тандап алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 "Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жободо:
преамбуласы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында окууга каалоосун билдирген офицерлерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын арасынан талапкерлерди окууга конкурстук тандоо чакыруучу тараптын талаптарына ылайык ишке ашырылат.";
бүткүл текст боюнча "КМ" аббревиатурасы алып салынсын;
бүткүл текст боюнча "Советтер Союзунун Баатыры" деген сөздөрдөн кийин "генерал-майор" деген сөздөр менен толукталсын;
бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөлөрдөгү "талапкер" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "талапкер" деген сөз менен алмаштырылсын;
48-пунктунда:
- үчүнчү абзацы "тандоого" деген сөздөн кийин "тестирлөө формасындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацындагы "экзамендерди" деген сөз "тестирлөөнү" деген сөз менен алмаштырылсын, "кирүү экзамендеринин" деген сөздөр алып салынсын;