Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 12-июлу № 387

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 3-2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемесинде:

12 жана 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.

13. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (Жарандык авиация агенттигин кошпогондо).";

төмөнкүдөй мазмундагы 14-1 жана 14-2-пункттар менен толукталсын:

"14-1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети.

14-2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.";

18 жана 20-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков