Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 12-декабры № 661

Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830, 2018-жылдын 14 декабрындагы № 582, 2020-жылдын 30-январындагы № 43, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 644 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Банктык эмес финансылык сектор жаатында ишти лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2024-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-декабрындагы № 830 , 2018-жылдын 14 декабрындагы № 582, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 644 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков