Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609

токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2016-жылдын 13-декабры № 668

Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу, тамеки буюмдарын керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:

Мезгил

20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар

2018-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин

50 сом

2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин

60 сом

2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин

70 сом

2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин

80 сом

2022-жылдын 1-январынан тартып

90 сом

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Сигареттерге белгиленген минималдык чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.

2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизип турсун.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Жээнбеков